Аймак

ОРУСИЯЛЫК ШЫЛУУН АБДУРАХМАН БАБАСИЕВДИ КЫРГЫЗ АТКМИНЕРЛЕРИ КАЧАНГА ДЕЙРЕ КАЛКАЛАШАТ?

ОРУСИЯЛЫК ШЫЛУУН АБДУРАХМАН БАБАСИЕВДИ КЫРГЫЗ АТКМИНЕРЛЕРИ КАЧАНГА ДЕЙРЕ КАЛКАЛАШАТ?

 1,854 Бардыгы /

«Борьба с коррупцией не остановится, а будет продолжаться. В этой борьбе Президент один не справится. У меня есть воля — как Президент буду стоять во главе этой борьбы. Но есть и те, которые не желают этого».

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ, Кыргыз Республикасынын Президенти

 

            Дүйнөлүк Банктын «Goingbusiness» рейтингинин «Келишимдерди аткарууну камсыздоо» пункту боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү 190 мамлекеттин ичинен 131-орунда, ал эми шериктеш мамлекеттердин ичинен, көч артында баратат. Маселен,  Казакстан 4-, Грузия 6-, Орусия 18-, Армения 24-, Белорусия 29-, Өзбекстан 47- орунду ээлесе, жадагалса Тажикистан дагы бизден эки эсе алдыда –  61 орунда турат. Ал эми саптын эн алдында, бул көрсөткүч боюнча инвесторлор үчүн чыныгы бейиш шартты Сингапур мамлекети гана түзүп олтурат. Өтө кейиштүүсү: Кыргызстан дагыле согушуп жаткан Судан, Гондурас жана Ирак менен дээрлик бир эле деңгээлде келатат.

            Мунун башкы себеби: жеткен шылуундарга жана эл аралык деңгээлдеги алдамчыларга  Кыргызстанда «бизнес» жасоо Сингапурда ишкерлик кылгандай эле абдан ыңгайлуу экен. Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялаган күндөн тартып өлкөбүзгө «Чет элдик инвесторбуз» деп, «кой терисин жамынган карышкырлар» – эл аралык деңгээлдеги шылуундар тобу агылып келе баштагандыгы баарыбызга белгилүү. Бул окуялар тээ 90-жылдары эле биротоло аяктады деп жүрүппүз. Балээниби? Кыргызстандын кен-байлыктарын талап-тоноо максатында гана келип, азыркы күнгө дейре аларды каалашынча талап-тоноп, салык төлөбөгөнү аз келгенсип, жарандарыбыздын акчаларын дагы алдамчылык менен пайдаланып,   техникаларын каалагандай иштетип, соңунда урунган акысын төлөбөй, буларды калкалаган укук коргоо органдарындагы чоң даражадагы аткаминерлер менен тапканын тең бөлүшүп, карапайым калкты дагыле зар какшатып келе жаткандардын эң ириси – Орусиянын жараны Абдурахман Бабасиев.

            Солтонбек БАЙГАЗИЕВ, ишкер: – “Менде көмүрдүн кени толтура, алдын ала накталай акча берсең,  тоннасын 650 сомдон өз наркында эле колуңа карматам!” деп, атайын келишимдин негизинде Абдурахман Бабасиев менден 4 миллион сом акча алган.Андансон, «Ал акчаң дизелдик майга эле жумшалды. Эми көмүр казганга дагы техника керек! Жылдызбек дегендин ишканасы карызга көмүр казып берүүгө даяр. Бирок, кепилдик катары күрөөгө кыймылсыз мүлк коюп бер?» деп жатат. “Чолпон-Атадагы  150 миң долларлык коттеджиңди күрөөгө  коюп турбайсынбы?” деп, менин ишенимиме өтө бат кирип, 4 миллион сомумду алганы аз келгенсип, бул коттежди дагы мени эптеп ынандарып күрөөгө койдуртат. Бирок, эшеги ылайдан өткөндөн кийин, мындайча айтканда, алты айдан соң “Көмүр ашкере кымбаттап кетти. Кааласаң тоннасын 1300 сомдон ал? Же болбосо көмүрдүн чаңын 650 сомдон сатып алгын!” деп мажбурлайт. Ыя, айланайын, бул алдамчылыктын классикалык ыкмасы эмеспи!

            Керим ҮЧКЕМПИРОВ, «Барс-Транс» ишканасынын жетекчиси: – Менин техникаларыма 3,5 миллион сомго көмүр ташытып, бардык кызматын аткартып бүткөн соң , “Эртең төлөйм! Кийинки айда төлөйм!” деп алдап, анан бардык актыларга дагы кол койду. Тилекке каршы, ошого карабастан, төрт жылдан бери акчасын төлөбөй келатат. Мунусу аз келгенсип, менин үстүмдөн тааныштарына таянып кылмыш ишин козготууга далай ирет аракеттенди. Ошентип, мен бечара жанын жеген Абдурахман Бабасиев менен тынымсыз күрөшөм деп жүрүп, кант диабетинин оор формасына чалдыгып, азыр майып болуп үйүмдө катуу ооруп жатамын.

            Кундузбек СУЛАЙМАНОВ, «КУБ» ЖЧКсынын жетекчиси: – Орусиялык ишкер Абдурахман Бабасиев менин дагы техникаларымды ижарага алып, көмүр казганга катуу иштетти. Бир жыл ичинде 8 миллион сомдук кызмат кылдыртып, акт сверка, келишимдерге дагы кол койгон. “Чыдай тур? Банктан 9 миллион сомдук насыя алып жатам. Алаарым менен толук бойдон кутулам!” деп, эки  жылдан кийин «Аткарылган иштер тууралуу Акт тузбөптүрсүң” деген шылтоо менен мени мындан ары “Кайда барсаң, ошол жакка  арыздан? Мен сага карыз эмесмин!” деп каратып туруп танып кетти. Эгерде карыз болбосо,  анда эмнеге «8 миллион сомго карызмын!» деген акт сверкага өзү кол коет, ыя? Экинчиден, ижара келишими боюнча «Аткарылган иштер тууралуу Акт» (акт выполненных работ) түзүлбөйт. Андай акт подряддык (жумуш аткаруу) келишиминде гана каралган. Ижара боюнча иштесең дагы, иштебесең дагы убакытка акча төлөнөт. Болгондо дагы карызды ырастаган акт сверка турбайбы! Бул жөнсүз шылтоолор – Абдурахман Бабасиевдин түрдүү жолдор менен карызын төлөбөй коюу максатында эле ойлоп тапкан айла-амалы.

Талантбек МАКСҮТОВ. «Кыргыз мрамор заводу» ЖЧКсынын директору: –Абдурахман Бабасиев мениөзгөчө  Кыргызтстанда мурда болуп көрбөгөн ыкма менен куп алдады. 2016-жылдын октябрынын аягында ал мага атайын жолугуп,  “Экскаваторуңа 12 айга ай сайын 8 000 ( сегиз миң) доллар ижара акы төлөп турам. Тез арада жеткирип бер карьерге. Эртең ашууда калың кар түшүшү күтүлүүдө. Экскаваторуңду жеткирээр замат, үч күн ичинде келип, келишимге кол коем. Азырынча сен келишимдин долбоорун  өзүң даярдап тур?” деп, 1500 доллар аванс дагы таштап кетет. Анан экскаватор карьерге жеткен соң, «Экскаваторщигиң азырынча үйүнө кете берсин. Банктан жакында насыя алам, ошондо дизелдик май алып, жумуш баштаганда өзүм чакыртам» дейт. Анда мен Абдурахман Бабасиевге «Келишимге кол коюп бербейсизби?» десем, «Мен ишкананын фактический кожоюну эмесмин. Директору Курманбек деген жигит, азыр узак мөөнөттөгү  командировкада. Ошол келгенде кол койбосо, менин кол тамгам мызамдуу болбой калат» деп мени абдан катуу ынандырган. Бирок, «Карьерде дизелдик отун жоктугуна байланыштуу жумуш токтоп турат» деген шылтоо менен келишимге кол коюудан таптакыр качып, 70 000 долларлык чет өлкөлүк маркадагы экскаваторду кулпусун бузуп туташтырып, ээсине дагы айтпай, жашыруун,  ээнбаштык менен өзүнүн  трактористине башкартып, төрт жарым ай көмүр казууда иштетип, туура эмес эксплуатациядан улам моторун жарактан чыгарып, 2017-жылдын 15-мартында ээсине  «Мотордун иштен чыккандыгы боюнча» актыларды берип, күнөөсүн мойнуна алып, банктан насыя алаар менен төрт жарым айлык ижара акысын толук төлөйм” деп жана мени кыймылдаткычты оңдогонго кеткен 11 миң долларлык чыгымды дагы төлөөнү убада кылып, укук коргоо органдарына «Ээнбаштык менен бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү» беренеси боюнча кайрылбай туруумду абдан өтүнгөн. Анан Абдурахман Бабасиев телефондорун улам-улам алмаштырып, мага таптакыр чалбай койду. Кеңсесине барсам, кызы Элла бирде «Атам ооруканада реанимацияда. Жат адамдар менен сүйлөшкөнгө дарыгерлер тыюу салышты» десе, бирде «Чет өлкөдө командировкада. Силерге акча бергенге насыя сүйлөшкөнү кетти» деп улам-улам алдап, сооротуп,  убакытты куп эле создуктурду. 2017-жылдын ноябрына чейин ошентип убакыт созуп, анан ижара мөөнөтү бүткөн соң Абдурахман Бабасиев мага өзү кайрылып, “Инвестор таптым, эгерде ижара келишимине 2016-жылдын октябры менен кол коюп, 25 000 (жыйырма беш мин) долларга акт сверкага кол коюп, мөөр басып берсең, инвестор менин сага болгон карызымды төлөп берет. Карыздын калган бөлүгүн кийинчерээк өзүм көмүр менен кутулум” деп ынандырат. 25 000 доллардык акт сверкага кол койгон соң, мен келишимде «Акт сверки аткарылган иш жөнүндө актынын негизинде гана мыйзамдуу күчкө ээ» деген жобо «Мыйзамга таптакыр туура келбейт. Өзгөртөлү?» десем, Абдурахман Бабасиев “Өзгөрткөнгө убактым жок! Бул формалдуу эле келишим. Инвестордун банкы талап кылган үчүн гана түзүлдү. Ишенбесең, инвесторго чал деп, Мелис деген инвестордун телефонун берди. А Мелис деген неме «Эгерде келишим менен акт сверки болгон болсо, үч күндө ал акчаны которуп берем!» деп, Абдурахман Бабасиевдин айтканын тастыктады. Мелис шаардагы белгилүү ишкер, «Аалам – Курулуш» компаниясынын жетекчиси болгондуктан, мен ага ишенип, бир жыл арткы күн менен келишимге жана акт сверкага кол коюп, ишканасынын мөөрүн басып дагы бергемин. /ч-төрт күндөн  кийин мен Мелиске «Акча котордуңбу?» деп чалсам, Ал Абдурахман Бабасиев менен катуу уруша кеткендигин айтып, экөөбүздүн ортобуздагы мамилеге мындан ары аны таптакыр аралаштырбоомду суранды. Ошондуктан, мен Абдурахман Бабасиевдин өзүнө жолуксам, эгер «Келишим, акт сверки жана «аткарылган жумуштар боюнча» актың болсо, бухгалтерияга кайрыл!» дейт. Бул келишим «Сиздин сураныч боюнча формалдуу,  бир жыл арткы күн менен түзүлбөдү беле». Ижара келишиминде кайдагы «жумуштарды аткаруу боюнча акт болсун десем, Абдурахман Бабасиев «Мен келишимди 2017-жылы ноябрда  эмес, 2016-жылы октябрда түзгөнмүн, макул болбосоң, сотко кайрыл!» деп кеңсесинен кууп чыкты. Ошентсе дагы,  2016-жылы түзүлдү деген келишимде 2017-жылдын 30-мартында ГРС тарабынан жаңыланып алынган экскаватордун техникалык паспортунун маалыматтары кирип калгандыгы, алдамчы Абдурахман Бабасиевдин калпын биротоло ашкереледи.

Ошентип, эл аралык деңгээлдеги шылуунга куп алданышкан Кыргыз ишкерлери айласы таптакыр куруганда Президент Сооронбай Жээнбековго чоң үмүт байлашып, мамлекет башчысына аргасыздан кайрылып олтурушат. Анда алар Орусиянын шылуун жараны Абдурахман Бабасиевди УКМКда, ошондой эле Коопсуздук Кеңешинде тынымсыз коргоп жүргөн үлкөн аткаминерлерди чукул арада аныктоону жана аны эл-журтка ашкерелөөнү катуу суранып жатышат. Анткени, мындай чечкиндүү аракет Кыргызстандын инвестициялык беделин көтөрүүгө дагы даңгыр жол ачмак…

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17