Аймак

СУУГА ЧӨГҮҮДӨН САКТАНЫҢЫЗ!

СУУГА ЧӨГҮҮДӨН САКТАНЫҢЫЗ!

 3,860 Бардыгы /

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет:

Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүңүз үчүн, ден соолугуңуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек.

Сууда узак убакыт бою жүрүүгө болбойт, суук тийип калышы мүмкүн. Эгер сиз үшүк, денеңиздин калчылдаганын сезген болсонуз, дароо суудан чыгып, жээкти бойлой кыска бирок, ылдам чурканыз.

Тамактанган соң 1,5 сааттан кийин сууга түшүү сунуш кылынат. Эсиңиздерде болсун, балдар чон кишилердин көзөмөлүндө гана сууга түшө алышат.

Пляждын территориясында медициналык пункт жана күндөн калкалоочу серелер курулушу керек.

Балдарды 10дон ашпаган группада, 10 минуттан түшүрүп, суудан чыккан сон линейкага тургузуп, бирден жоктоп чыгуу күзөтчү-тарбиячынын милдети.

Сууда сүзгөндү билбеген балдарга ден соолукту чыңдоо лагеринин же балдар мекемелеринин жетекчилери өзүнчө машыгуу жүргүзүү керек.

Кырсыкты болтурбоо үчүн, балдарга сууда өзүн алып жүрүү эрежелерин жана оор кырдаалдарда эмне кылуу керек экендигин түшүндүрүү керек.

Эсиниздерде болсун:

  • сууга уруксаат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
  • тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
  • күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
  • үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;

Эгер Сиз:

  • чарчап турсаныз;
  • күн өтүп кеткен болсо;
  • ачкарын болсонуз;
  • суусап турган болсонуз;
  • ооруп айыккандан кийинки, ошондой эле спирт ичимдиктерин ичкенден кийинки абалда болсонуз сууга түшүүдөн өзүнүздү токтотуп койгонунуз жакшы болот.

Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.

Биринчи жардам көрсөтүү

 Жабырлануучу суудан чыкандан кийин биринчи жардамды көрсөтүү керек.

Жабыркаган адамды жээкке жеткиргенден кийин, анын абалын баамдайбыз.

Эгер жабыркаган адам ан-сезими менен болсо, анда аны кургагыча сүртүп, жылуу имаратка киргизип, ысык чай, кофе берүү сунуш кылынат.

Эгер сууга чөккөн адам бир нече убакыттан кийин чыгарып, ошондой эле деми кысылып (асфиксия), клиникалык өлүм абалында болсо дароо дарыгерди чакыруу керек.

Убакыты жоготпостон, дарыгер келгенге чейин дароо биринчи жардам көрсөтүүгө киришүү керек. Жабырлануучуну чечиндирип, оозу – мурдундагы массаны, кумду тазалап, жаактарынын арасына таякча (жыгачтын бөлүгү же бекем оролгон бет аарчы жб.) коюп, өпкөгө жасалма дем алдыруу баштоо керек.

Кокус кырсык болуп жаныңыздагы адам сууга чөгүп кетсе, аны алып чыккандан кийин  6 мүнөттүн ичинде өмүрүн сактап калса болот.

Жай мезгилинде жагымдуу эс алып, бөөдө кырсыктардан сак болуңуздар!

Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү

майор А. Абдуллаев

сержант А. Сатыбалдиев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17