Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД:ГЕПАТИТ ТИШ ДАРЫЛОО ЖАЙЫНАН ЖУККАН

ЖАЛАЛ-АБАД:ГЕПАТИТ ТИШ ДАРЫЛОО ЖАЙЫНАН ЖУККАН

 2,055 Бардыгы /

Жалал-Абадда жеке менчик стоматология кабинетинен жаранга гепатит оорусужугуп калган. Аталган факты боюнчаэч ким тиешелүү органдарга кайрылган эмес жана чара көрүлбөй кала берген. Ал ортодо мындай жугуштуу ооруну таратууга жеке менчик медициналык мекемелер шарт түзгөнү жана бул жагдай эч бир көзөмөлсүз көмүскөдө калып жатканы байкалат.

Жалал-Абад шаарында жаран стоматологиялык кабинеттен гепатит оорусун жуктуруп алганы областтык кан борборунда белгилүү болгон. Ал донор болгондуктан 2 ай сайын медициналык текшерүүдөн өтүп, эч бир шек-шыбаа болгон эмес. Акыркы 2 ай аралыгында стоматологиялык кабинетке гана барган. Ал эми областтык кан борборунун жетекчиси Урмат Боржиев гепатит оорусунун айынан донорлор азайып жаткандыгын айтат.

-Былтыркы жылы бизде област боюнча 4817 донор бар болсо, бүгүнкү күндө алардын 300гө жакынында гепатит оорусу табылып жатат. Гепатиттин күчөгөндүгүнөн биз көп донорлорду жоготуп отурабыз. Жакында эле бир донорубуздан айрылдык. Бизде ар 2 ай сайын донорлор медициналык текшерүүдөн акысыз өтүп турушат. Ал жуктуруп алган донор эки ай аралыгында стоматологияга гана барган. Анан эле гепатиттин С түрүнүн белгилери табылып жатат.  Маникюр, педикюр кылган эмес, укол даары алган эмес. Ага чейин ден соолугу чың болгон.  Чындыгында стомтологиядан жукканбы, муну тактап, тиешелүү кызматтар текшерип, керектүү чара көрүшү керек, – дейт ал.

Стоматология кабинеттеринин санитардык-гигиеналык абалын областтык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору карашы керек. Бирок, алардын колу-буту мыйзам менен тушалган. Башкача айтканда, 2021-жылга чейин жеке менчик субъектилерди текшерүүгө албоо боюнча мыйзам бар. Ал эле эмес, жаңы ачылган стоматология кабинеттерин да ишкердик субъект катары 3 жылга чейин эч бир орган текшере албайт дейт Жалал-Абад областтык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачы Үсөнкүл Жоробаев.

-Үстүбүздөгү жылы жеке ишкердик субъектилерди ар кандай текшерүүгө 2021-жылга чейин мараторий киргизилди. Мындан улам быйыл текшерген жокпуз. Буга чейин жыл сайын бир жолу пландуу текшерүүлөр болуп келген. Он күн мурда эскертүү берип, Экономика министрлигинин макулдугу менен текшерүү алынат. Стоматология боюнча айта турган болсом, текшерүүдө кемчиликтерди жоюуга эскертүү берилип, ал аткарылганга чейин жабылып турчу. Качан гана жоюлганда кайрадан иштей баштайт. Ал эми жаңы ачылган ишкердик субъектилер мыйзам боюнча 3 жылга чейин текшерилбейт, – дейт Ү. Жоробаев.

Областтык үй-бүлөлүк медицина борборуна аталган маселе боюнча кайрылганыбызда гепатиттин жугуштуу түрү кайсыл жактан жуккандыгын тактап чыгуу кыйындыгын жана стоматология кабинетинен жуккан деп так кесе айтуудан алыс экендиктерин билдиришти.

-Мисалга,быйылкы жылдын 5 айында гепатит оорусунун жугуштуу түрү менен Жалал-Абад шаарынан 5 адам катталган. Бирок, алардагы оорунун жугуу жолу белгисиз. Гепатиттин Б, С түрүнүн кайдан жуккандыгын аныктоого мүмкүн эмес. Стоматологиядан жуккан деп айтуу да туура эмес. Анткени ал медициналык мекеме, иштеген адамдар медицина кызматкерлери. Кантип аныкташыбыз мүмкүн, бир стоматологиядан күмөндүү болгон факты катталса, кийин кайра эле ошол стоматологиядан экинчи жолу күмөндүү факты катталса гана биз анын ишин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору аркылуу прокуратурага өткөрүп бере алабыз. Алар кандай шартта иштеп жаткандыгын текшерип чыгышат. Гепатит оорусунун жашыруун түрү адамда 6 айга чейин сакталып, кийин билинет. Ошол аралыкта жакын туугандарына жуктуруп коюшу мүмкүн. Көбүнчө ушундай учур катталат, – дейт үй-бүлөлүк медицина борборунун жугуштуу оорулар боюнча адиси Абдылла Жакыпов.

Гепатитти жуктуруп алган жаран менен байланышканда ал ачыкка чыгуудан жана тиешелүү органдарга арыздануудан баш тартты. Ага жеке менчик стоматология кабинети чыгымдаган каражаттарын төлөп берүү сунушун айтып, өз ара макулдашып алышканы менен түшүндүрдү. Демек, сөз болуп жаткан жеке менчик стоматология өзү талапка жооп бербеген шартта иштеп жаткандыгын мойнуна алган.

Акыркы жылдары жеке менчик тиш дарылоо жайлары көбөйүп жатат. Тартип боюнча стоматологиялык кабинеттерде ар бир жолку колдонулган жабдыктар автоклав жана утилизатор менен тазаланышы керек, болбосо дезинфекцияланбай калат. Бирок, чыгармачыл топ баш баккан биринчи стоматологиякабинетинде мындай аппаратты көргөзө алышкан жок. Колдонулган жабдыктарды чакага салып, башка медициналык  мекемеден тазалатып келишерин айтышты. Анда  алар менен түзгөн келишимин жана лицензиясын сураганыбызда, аны да көргөзө алышпады.Экинчи жеке менчик стоматология кабинетинде дарыгер санитардык талаптарды так сактап жаткандыгын бардык керектүү медициналык аппараттары, автоклав жана утилизатор бар экенин, тазалоо үчүн атайын бир медайым иштеп жатканын көрүүгө болот. Бирок, алардан лицензиясын сураганыбызда 3 жылга чейин текшерүү болбостугуна ишенип, лицензиясы жок иштеп жаткандыгын атын атабай жашыруун түрдө айтып, мойнуна алды.

Демек, санитардык талаптар сакталган менен мыйзамсыз иш алып баргандар да жок эмес экен.Жалал-Абад областынын аймагында мындай стоматологиялык кабинеттер ондоп саналышы мүмкүн. Анткени азыркы тапта област аймагында 89 жеке менчик медициналык мекеме бар болсо, алардын 60ы тиш дарылоочу жайлар. Ал эми аларда санитардык жана башка талаптардын аткарылышы көзөмөлсүз калууда.

Роза АКМАТЖАН кызы.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17