Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
982 Бардыгы / ЕВРАЗИЯ БИРИМДИГИ-БОРБОР АЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМУН КЫРГЫЗСТАНДА ӨТКӨРҮҮ ДЕМИЛГЕЛЕНДИ БИШКЕК. Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерининин жетекчилиги астында Европа Биримдиги–Борбор Азия тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусу ийгиликтүү аяктады. Министрлердин жолугушуусунун жүрүшүндө Европа Биримдиги […]
983 Бардыгы / ЕВРАЗИЯ БИРИМДИГИ-БОРБОР АЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМУН КЫРГЫЗСТАНДА ӨТКӨРҮҮ ДЕМИЛГЕЛЕНДИ БИШКЕК. Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерининин жетекчилиги астында Европа Биримдиги–Борбор Азия тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусу ийгиликтүү аяктады. Министрлердин жолугушуусунун жүрүшүндө Европа Биримдиги […]


984 Бардыгы /
ЕВРАЗИЯ БИРИМДИГИ-БОРБОР АЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМУН КЫРГЫЗСТАНДА ӨТКӨРҮҮ ДЕМИЛГЕЛЕНДИ
БИШКЕК. Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерининин жетекчилиги астында Европа Биримдиги–Борбор Азия тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусу ийгиликтүү аяктады.
Министрлердин жолугушуусунун жүрүшүндө Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кызыкчылык жараткан маселелердин кеңири спектри боюнча ачык жана ишеним жараткан пикир алмашуулар жүрдү. Жолугушууда ушул жылдын 17-июнунда Европа Биримдиги тарабынан жактырылган Борбор Азия боюнча Европа Биримдигинин жаңы Стратегиясы сунушталды. Тараптар Европа Биримдигинин жаңы Аймактык Стратегиясын мындан ары жүзөгө ашыруунун, аны конкреттүү Программалар жана демилгелер менен толуктоо маселелерин дагы ачык талкуулашты. Ошондой эле укуктун үстөмдүгү, демократияны илгерилетүү жана адам укуктарын камсыздоо, коопсуздукту камсыздоо, курчап турган чөйрө, климаттын өзгөрүлүшү жана суу ресурстарын башкаруу, жеке секторду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, сооданы өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу, Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына, энергетикасына санариптик технологияларды киргизү, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, билим берүү жана жаштар өңдөнгөн Европа Биримдигинин жаңы Стратегиясынын алкагындагы негизги багыттарды натыйжалуу ишке ашыруу маселелери боюнча пикирлер алмашылды.
Баса, Европа Биримдиги-Борбор Азия Тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусунун алдында Бишкек шаарында Европа Биримдиги-Борбор Азия өлкөлөрүнүн жеке секторунун, жарандык коомунун, жаштардын жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда биринчи жолу Европа Биримдигинин Форуму дагы өткөрүлдү. ЕБ-БА Форумунун жана ЕБ-БА тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргыз тарап Европа Биримдиги менен аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын натыйжалуу механизми боло ала турган Европа Биримдиги-Борбор Азия биринчи Экономикалык форумун өткөрүү демилгеси менен чыгышты. Бул демилгени Форумдун жана Европа Биримдиги-Борбор Азия жолугушуусунун бардык катышуучулары бир добуштан колдошту. Кыргыз тарап биринчи Экономикалык форумду 2020-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү пландаштырууда.
Буга улай тараптар Борбор Азиядагы уран калдыктарынын көйгөйлөрүн ылдам чечүү боюнча Европа Биримдиги менен биргелешкен ишти улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Бул контекстте Кыргыз тарап Борбор Азиядагы уран калдыктары бар жерлерди рекультивациялоо боюнча Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын талаасында пландаштырылган сайд-ивентти өткөрүү тууралуу Европа Биримдигине жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келишкен кесиптештерге кеңири маалымдады.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
10.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫЗ-КЕЛИНДЕР АРАСЫНДА ВОЛЕЙБОЛ ОЮНУ БОЮНА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg АВТОЭЭНБАШТЫК ЖАСАГАН АЙДООЧУГА 15 МИҢ АЙЫП САЛЫНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.