Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
789 Бардыгы / БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун (РКӨФ) төрагасы Эркин Асрандиевди, «Кепилдик фонд» ААК төрагасы Малик Абакировду, «Айыл Банк» ААК төрагасы Бактыбек Шамкеевди жана «РСК Банк» ААК төрөгасы Азизбек Оморкуловду бир эле мезгилде кабыл алды. Адегенде өлкөбүздүн каржы институттарынын жетекчилери өткөн жылдын жети айынын аралыгындагы долбоорлорду каржылоонун көлөмү жана жеңилдетилген насыяларды берүү жөнүндө […]
790 Бардыгы / БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун (РКӨФ) төрагасы Эркин Асрандиевди, «Кепилдик фонд» ААК төрагасы Малик Абакировду, «Айыл Банк» ААК төрагасы Бактыбек Шамкеевди жана «РСК Банк» ААК төрөгасы Азизбек Оморкуловду бир эле мезгилде кабыл алды. Адегенде өлкөбүздүн каржы институттарынын жетекчилери өткөн жылдын жети айынын аралыгындагы долбоорлорду каржылоонун көлөмү жана жеңилдетилген насыяларды берүү жөнүндө […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨЛКӨНҮН КАРЖЫ ИНСТИТУТТАРЫН АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ БОЛУУГА ЧАКЫРДЫ
22.08.2019 / Автор aymak

791 Бардыгы /
БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун (РКӨФ) төрагасы Эркин Асрандиевди, «Кепилдик фонд» ААК төрагасы Малик Абакировду, «Айыл Банк» ААК төрагасы Бактыбек Шамкеевди жана «РСК Банк» ААК төрөгасы Азизбек Оморкуловду бир эле мезгилде кабыл алды.
Адегенде өлкөбүздүн каржы институттарынын жетекчилери өткөн жылдын жети айынын аралыгындагы долбоорлорду каржылоонун көлөмү жана жеңилдетилген насыяларды берүү жөнүндө кенен-чонон маалыматты беришти.
Маселен, Орусия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду жети айда 4,5 миллиард сомдук 369 долбоорду каржылаган, бул 2018-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Насыялардын 60 пайыздан ашыгы өлкөбүздүн аймактарына багытталган. Мындан тышкары Эркин Асрандиев кичи жана орто бизнестин субьектилерине пилоттук тартипте стартап-каржылоо жана сом менен берилүүчү насыялардын пайыздык чендерин 9 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча Программалардын ишке киргизилгени жөнүндө дагы кошумчалады.
Ал эми «Айыл Банк» 2019-жылдын 7 айында 7,7 миллиард сом өлчөмүндө 34757 насыя берип, насыялардын саны 2520га өстү. Аймактарга жалпысынан насыялардын 72 пайызы берилди.
«РСК Банк» отчеттук мезгилде 4,8 миллард сом өлчөмүндө 6908 насыя таратты. Насыялардын саны 844кө өстү. Мунун ичинде өлкөнүн аймактарына берилген насыялардын көлөмү көбөйүп, жалпысынан 2,6 миллиард сомду жана 74 пайызды түздү.
Мындан тышкары кепилдик фонду 2019-жылдын 7 айдын жыйынтыгы боюнча 469 миллион сом өлчөмүндө 264 кепилдик берген. Бул 2018-жылга караганда 198 миллион сомго арбын. Өсүш 173 пайызды түздү. Кепилдиктердин эсебинен Банктардын берген насыялары 1,4 миллиард сомду түзүп, былтыркыга караганда 156 пайызга өстү.
Президент Сооонбай Жээнбеков аймактардагы ишкерлерди, экспортко багытталган ишканаларды активдүү колдоону мындан ары дагы улантуу, жаңы ишкерлердин «старт-ап» долбоорлорун каржылоо, санарип технологиялар аркылуу кыска убакытта насыяларды тез берүүнү камсыз кылуу керектигин дагы бир ирет баса белгиленди. Мамлекет башчысы аймактарды өнүктүрүү максатында калк тарабынан өндүрүлгөн продукцияларды — сүт, эт, тери, жүн, жер-жемиштер жана башка өсүмдүктөр продукцияларын сатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана миграцияны кыскартуу үчүн кайра иштетүүчү ишканаларды түзүүгө жана жайылтууга каржылык ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү багыттоо зарылдыгына дагы бир жолу өзгөчө көңүл бурду.
– Бул чаралардын бардыгы аймактарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын алкагында гана ишке ашырылып жатат. Өлкөбүздүн негизги каржы институттары болгон Сиздер аймактардын, айылдарыбыздын өнүгүшүнүн кыймылдаткычы болуп эсептелесиздер. Аймактык ишкерлерди колдоп, алардын долбоорлорун активдүүрөөк каржылагыла! — деп чакырды Президент Сооронбай Жээнбеков.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
22.05.2025 / Автор anarkan_kg “ЖАЛАЛ-АБАД” САНАТОРИЯСЫНДА МИНЕРАЛДЫК СУУ АРАЛАШКАН БАССЕЙН АЧЫЛДЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ МИЛИЦИЯНЫН МАЙОРУ АКЧА ТОПТОП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.