Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,266 Бардыгы / 2019-жылдын 20-августунан 21-августуна караган түнү Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өрт кырсыгы чыккандыгы турасында кабар келип, 21-август күнү саат 04:15де толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, алдын ала өлчөм боюнча өрттөнгөн жердин аянты 3600 кв/м түзүп, беш катар жайгашкан, жалпысынан 174 соода орундары […]
1,267 Бардыгы / 2019-жылдын 20-августунан 21-августуна караган түнү Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өрт кырсыгы чыккандыгы турасында кабар келип, 21-август күнү саат 04:15де толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, алдын ала өлчөм боюнча өрттөнгөн жердин аянты 3600 кв/м түзүп, беш катар жайгашкан, жалпысынан 174 соода орундары […]
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАНА НООКЕНДЕ ОРУН АЛГАН ӨРТ КЫРСЫКТАРЫ ТУУРАЛУУ МИЛИЦИЯНЫН БИЛДИРҮҮСҮ
23.08.2019 / Автор aymak

1,268 Бардыгы /
2019-жылдын 20-августунан 21-августуна караган түнү Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өрт кырсыгы чыккандыгы турасында кабар келип, 21-август күнү саат 04:15де толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, алдын ала өлчөм боюнча өрттөнгөн жердин аянты 3600 кв/м түзүп, беш катар жайгашкан, жалпысынан 174 соода орундары өрттөнгөнү такталган.
Аталган факт Жалал-Абад ШИИБде “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” болуп катталып, ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 261-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөө аракетин жүргүзүүдө, борбордук базардын кароолчулары 20-августунан 21-августуна караган түнү саат 00:30 чамасында, Жалал-Абад шаардык борбордук базарынын бут кийим сатуучу имаратынан кийинки катардагы “Сидра”, “Сардар” жана “Роза” атындагы ашканалардан өрт чыкканын байкашып, өрт өчүрүү кызматына кабар беришкенин көрсөтүшкөн.
Өрт болгон жерге карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик соттук эксперттик кызматына өрттүк-техникалык экспертиза дайындалды. Ошондой эле Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан жабыр тарткан адамдардын санын жана келтирген зыянды тактоо үчүн комиссия түзүлүп иштей баштады.
Азыркы учурда жабыр тарткан адамдардын айтымына карап болжолдуу материалдык зыян 44 миллион 992 миң 820 сомду түзүүдө. Алдын ала алынган маалыматтын негизинде аталган өрт кырсыгы, электр тогунан пайда болгон кыска чагылуусунан (замыкание) келип чыккан.
Ошондой эле 2019-жылдын 23-август күнү саат 03:00 чамасында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмчөсүнө “Кочкор-Ата шаарындагы базарда өрт болуп жатат” деген маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө Кочкор-Ата шаарындагы Бишкек-Ош автожолунун боюнда жайгашкан борбордук базарынын түндүк тарабындагы четинде, катарынан салынган дүкөнчөлөрдүн ичинен 3 даана дүкөнчө өрттөнүп кеткендиги, бул дүкөнчөлөрдө негизинен азык-түлүк товарлары бар экендиги, дүкөндөрдүн үстүндөгү жабылган чатырлары (шиферлери) жана ичиндеги товарлары толугу менен күйүп, дүкөндүн дубалдары кирпичтен болгондуктан дубалдары гана калган. Жалпы болжолдуу материалдык зыян 1 миллион 500 миң сомду түзгөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча Ноокен РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 261-беренесинде көрсөтүлгөн
кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Өрт болгон жерге карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик соттук эксперттик кызматына, өрттүк-техникалык эспертиза дайындалган.
Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы өрт кырсыгы алдын ала алынган маалыматтын негизинде электр тогунан пайда болгон кыска чагылуусунан (замыкание) келип чыккандыгы такталган. Кошумча маалымат соттук өрт техникалык экспертизанын корутундусу чыгаары менен берилет.
“Аймак”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
25.01.2025 / Автор anarkan_kg АТАЙЫН РОТА ТАРАБЫНАН БИР ТҮНДӨ 32 МАС АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ
-
31.01.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 3,7 ГЕКТАР ЖЕР МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
08.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна КАРА-СУУДА ЖЕҢИЛ ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАР ЧЫГАРЫЛА БАШТАДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.