Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
985 Бардыгы / Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде абал тынч, топтолгон эл жок. 24-августта жабыркаган милиционердин абалы жакшы, ал Кулунду айылынын ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди. Бекмуратов 25-августта Тажикстандын чектеш Гафуров районунун жетекчиси Зариф Назири менен жолукканын, натыйжада Баткен облусу менен Согди облусунун жетекчилерине атайын сунуш кат жазып, чек ара […]
986 Бардыгы / Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде абал тынч, топтолгон эл жок. 24-августта жабыркаган милиционердин абалы жакшы, ал Кулунду айылынын ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди. Бекмуратов 25-августта Тажикстандын чектеш Гафуров районунун жетекчиси Зариф Назири менен жолукканын, натыйжада Баткен облусу менен Согди облусунун жетекчилерине атайын сунуш кат жазып, чек ара […]
КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДА АБАЛ ТЫНЧ, ЖАБЫРКАГАН МИЛИЦИОНЕР ООРУКАНАДА
26.08.2019 / Автор aymak

987 Бардыгы /
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде абал тынч, топтолгон эл жок. 24-августта жабыркаган милиционердин абалы жакшы, ал Кулунду айылынын ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.
Бекмуратов 25-августта Тажикстандын чектеш Гафуров районунун жетекчиси Зариф Назири менен жолукканын, натыйжада Баткен облусу менен Согди облусунун жетекчилерине атайын сунуш кат жазып, чек ара аймагында курулуш жүргүзүү маселесин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышарын айтып берди. Ага чейин бир жума чек арага жакын жерде курулуш иштерин токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынды.
– Чек ара аймагынан 500 метрге чейинки аралыкта курулуш иштерин жүргүзбөө тууралуу 2004-жылы чыгып, 2011-жылы толукталган келишимдер бар, – деди аким. – Биз губернаторлорго ишти жандандыруунун зарылдыгы тууралуу кайрылуу жазалы деп сүйлөштүк. Себеби эл тиричилик кылышы керек, бирөө сарай салса, дагы бирөө көмүркана салышы зарыл. Эки аким губернаторлорубузга чечим кабыл алып берүү боюнча өтүнүч кат жазмай болдук. Ага чейин бир жуманын ичинде эки тараптан тең курулуш иштери токтоп турарын макулдаштык.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, 24-августта Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылында чек ара чыры катталган. 15-20 тажик жараны короосуна тосмо куруп жаткан кыргызстандыктан ишти токтотууну талап кылып, ал жер тактала элек тилке экенин айтышкан. Тажикстандыктар анын курулушун буза башташкан. Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары жана милиция кызматкерлери барган. Тажик жарандары аларга таш ыргытып, колундагы куралын тартып алууга аракеттенишкен. Абал курчуп кетпеши үчүн кыргыз чек арачылары эки жолу асманга ок атканда чогулгандар тарап кетишкен.
Тажикстандын Чек ара аскерлери 24-августтагы окуяга кыргыз тарап күнөөлүү деп жатат. Мекеме тараткан расмий маалыматта кыргызстандык жаран тактала элек тилкеде курулушка тыюу салынганына карабастан кара май куюучу станция курганы жатканы айтылат.
“Баткендин тургундары дайыма ортодо кабыл алынган протоколдорду бузуп, чагымчыл аракеттерге барышат” деп айтылат тажик чек арачыларынын билдирүүсүндө.
Быйыл июль айында кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу өтүп, чек ара маселеси талкууланган.
www.
Автор aymak
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.