Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,048 Бардыгы / Ташкент аэропортунда Мусулмандар дин башкармалыгынан уруксат албастан, жеке фирмалар аркылуу ажылыкка барып келген 35 өзбек жараны кармалды. Алардын биринин айтымында, атайын кызмат өкүлдөрү зыяратчылардан ажыга ким менен баргандыгы, канча акча төлөгөндүгү жана өлкө сыртында кимдер менен жолуккандыгы тууралуу суроолорду беришти. «Биз 28-августта Дубайдан учуп келерибиз менен Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалып, сурак […]
1,049 Бардыгы / Ташкент аэропортунда Мусулмандар дин башкармалыгынан уруксат албастан, жеке фирмалар аркылуу ажылыкка барып келген 35 өзбек жараны кармалды. Алардын биринин айтымында, атайын кызмат өкүлдөрү зыяратчылардан ажыга ким менен баргандыгы, канча акча төлөгөндүгү жана өлкө сыртында кимдер менен жолуккандыгы тууралуу суроолорду беришти. «Биз 28-августта Дубайдан учуп келерибиз менен Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалып, сурак […]
ӨЗБЕКСТАНДА МУФТИЯТТЫН УРУКСАТЫ ЖОК АЖЫЛЫККА БАРЫП КЕЛГЕН ЗЫЯРАТЧЫЛАР СУРАККА АЛЫНДЫ
30.08.2019 / Автор aymak

1,050 Бардыгы /
Ташкент аэропортунда Мусулмандар дин башкармалыгынан уруксат албастан, жеке фирмалар аркылуу ажылыкка барып келген 35 өзбек жараны кармалды.
Алардын биринин айтымында, атайын кызмат өкүлдөрү зыяратчылардан ажыга ким менен баргандыгы, канча акча төлөгөндүгү жана өлкө сыртында кимдер менен жолуккандыгы тууралуу суроолорду беришти.
«Биз 28-августта Дубайдан учуп келерибиз менен Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалып, сурак берүү үчүн атайын бөлмөгө киргизилдик. Ал жактан Даврон аттуу сакалчан адамды көрсөтүп, ага канча акча бергендигибизди сурашты. Аэропортто жети саат кармап турушкандан кийин паспортторубузду алып калып, кое беришти. Документтерибизди кийин милиция бөлүмүнө суракка чакырылганда алып кете тургандыгыбызды айтышты», – деди ал.
Өзбек өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча комитет тарабынан 2017-жылы кабыл алынган жобого ылайык, өзбек жарандарына Мусулмандар дин башкармалыгынын макулдугу жок жеке фирмалар аркылуу ажыга жана умрага барууга тыюу салынган.
Суракка алынган зыяратчылардын бири Мусулмандар дин башкармалыгы аркылуу ажылыкка баруу кыйла түйшүктүү экенин айтты.
«Муфтият аркылуу баруу үчүн кезек күткөндөр өтө көп. Алардын баасы дагы кымбат. Дин башкармалыгына 4 миң доллар берсек, Дубайдагы жеке фирмалар 3 миң долларга ажыга жөнөтүшөт. Алардын шарттары дагы жакшы», — деди ал.
Өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү аэропортто зыяратчылардын кармалгандыгы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Бирок ал өзбек жарандарынын жеке фирмалар аркылуу ажылыкка барышы мыйзамсыз экенин белгиледи.
2017-жылы 32 миллиондон ашык калкты бар Өзбекстан үчүн ажылык квота дээрлик 40 пайызга — 5 200дөн 7 200гө чейин көбөйтүлгөн.
Өткөн жылы Өзбекстанда ажылыкка барууга бир катар чектөөлөр киргизилген. Ага ылайык, жарандар ажылык сапарга өмүрүнө бир гана жолу бара алышат. Мындан тышкары ажыга бара турган адам «өз маалесинде абройлуу жана үлгүлүү» болушу керектиги тууралуу фатва чыгарылган.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
22.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНА МЫНДАН АРЫ ЗЫМ ТАРТЫЛАТ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО ЖҮЗҮН ТОЛУК ЖАПКАН 300ГӨ ЖАКЫН АДАМГА КАТУУ ЭСКЕРТҮҮ БЕРИЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.