Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
902 Бардыгы / «Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун аймагында чалгындоо жүргүзүлгөн эмес жана жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгул уулу билдирди. Ал «мамлекеттик корукка кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөр» долбооруна кен казыш үчүн кайрадан кайтарылып берилди» деген маалымат туура эмес экенин айтты: – Коруктун аймагында чалгындоо жүргүзүлгөн эмес жана […]
903 Бардыгы / «Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун аймагында чалгындоо жүргүзүлгөн эмес жана жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгул уулу билдирди. Ал «мамлекеттик корукка кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөр» долбооруна кен казыш үчүн кайрадан кайтарылып берилди» деген маалымат туура эмес экенин айтты: – Коруктун аймагында чалгындоо жүргүзүлгөн эмес жана […]
ӨКМӨТ: «САРЫ-ЧАТ – ЭЭР-ТАШ» КОРУГУНУН АЙМАГЫНДА ЧАЛГЫНДОО ЖҮРБӨЙТ
04.09.2019 / Автор aymak

904 Бардыгы /
«Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун аймагында чалгындоо жүргүзүлгөн эмес жана жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгул уулу билдирди.
Ал «мамлекеттик корукка кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөр» долбооруна кен казыш үчүн кайрадан кайтарылып берилди» деген маалымат туура эмес экенин айтты:
– Коруктун аймагында чалгындоо жүргүзүлгөн эмес жана жүргүзүлбөйт. Сөз болуп жаткан 16 миң гектар жер «Сары-Чат – Ээр-Таш» коругуна кирбейт. 2013-жылдан бери коруктун чек арасы өзгөртүлгөн эмес. Кыргыз өкмөтү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турат. Жакында күчүнө кирген стратегиялык макулдашууда жер маселеси тууралуу бир да сөз болгон эмес. Ал каралган да эмес.
Эсенгул уулу берген маалыматка караганда, 1994-жылы 10 миң, 1997-жылы 26,6 миң гектар жер «Кумтөргө» берилген. 2005-жылы түзөтүү киргизилип, жердин аянты 26,3 миң гектарды түзгөн. 2009-жылкы толуктоолордон соң берилген жер 26,4 миң гектар деп толукталган.
Кумтөр алтын кенин иштеткен «Центерра Голд Инк» компаниясы менен мындан эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишимди күчүнө киргизүүнүн алкагында «Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругундагы 16 миң гектар жер аянты кен казууга кайра кайтарылып берилгени белгилүү болгон.
«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүндө, келишимге ылайык өкмөт мындан он жыл мурунку милдеттенмесин аткарганын айткан:
– 2009-жылы концессиялык келишим бекитилип жаткан учурда «Кумтөргө» кошумча кен казууга 26 миң гектар жер аянты берилген. Бирок 2012-жылы өкмөт бул токтомун жокко чыгарып, кошумча берилген жердин аянты 10 миң гектар эле болуп калган болчу. Анан биз ошол 2009-жылдагы келишимдин шарттарын аткарыш үчүн 16 миң гектар жерди кайра кайтарып бердик. Анткени 2009-жылдагы келишимдин негизинде 26 миң гектар жер аянты кошумча кен казууга берилип, анын эсебинен биздин акциялар көбөйгөн. Ага чейин биздин «Центеррадагы» акциябыз 15% болсо, кийин 33% пайызга чыккан.
2009-жылы 6-июнда ошол кездеги өкмөттүн токтому менен «Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун түштүк-батыш аймагындагы Кумтөргө жакын жер аянты «Кумтөр голд» компаниясынын карамагына өткөн. 2010-жылы 14-июнда «Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругундагы Кара-Сай, Коёнду жана Үч-Көл тилкелеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. 2012-жылы бул маселе өкмөттө каралып, «Өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамда мамлекеттик корукта геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынары көрсөтүлгөн.
Эколог Динара Кутманованын айтымында, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик 2009-жылы бул мамлекеттик коруктун чек арасын өзгөртүп, Кумтөргө жакын турган жер тилкелери коруктун аймагына кирбей турган кылып, коруктун аянтын кичирейтип, картасын чийген.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
08.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТУ КӨРККӨ БӨЛӨГӨН АЗАМАТТАР!
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙКУУ ЖОЛУ – КЫЯМАТТЫН КЫЛ КӨПҮРӨСҮНДӨЙ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.