Аймак

Уруят РАИМКУЛОВА: “…ЖАРАКАТ АЛЫП, АЗАБЫН 2 ЖЫЛ ТАРТТЫ”

Уруят РАИМКУЛОВА: “…ЖАРАКАТ АЛЫП, АЗАБЫН 2 ЖЫЛ ТАРТТЫ”

 2,205 Бардыгы /

Бүгүн 1-ноябрь – Кыргыз милициясынын 95 жылдыгы. Ага ылайык “Аймак” редакциясы күчтүү эркектин артында андан да күчтүү аял турат – деген сөзгө таянып, милиция кызматкерлеринин жубайларынан маек алууну туура көрдү. Алардын түйшүктүү кызматын баалап, быйыл милиция кызматкерлеринин жубайларына ИИМ атайын медаль да ыйгарып келүүдө. Мына ошондой медаль ээси болгон Уруят Раимкулова биздин кезектеги каарманыбыз болмокчу. Ал  жолдошу менен турмуш кечирип жашаганына быйыл 43 жыл болгонун белгилеп, орган адамынын жубайы болуу оор экенин айтып, баштан өткөн күндөрү менен ой бөлүштү.

 

Уруят РАИМКУЛОВА: “…ЖАРАКАТ АЛЫП, АЗАБЫН 2 ЖЫЛ ТАРТТЫ”

-Мен милициянын ардагери Бакиров Сүйөркулдун жубайымын. Баш кошуп жашаганыбызга 43 жыл болду. Жолдошум ардактуу эс алууда болгонуна карабай элдин тынчтыгын коргоп, учурда Сузак РИИБнын ардагерлеринин төрагасы. Айтканга оңой болгону менен 43 жыл турмуш кечирүү анын ичинен орган адамынын жубайы болуу оор. Экөөбүздүн бир уул, төрт кызыбыз, 13 неберебиз бар.

Жолдошумдун мүнөзү чукул, бир жагынан орой, накта күч структурасынын кесибине ылайык десем болот. Бирок ичине кек сактабайт, боорукер. Ошол адамдын кыйынчылыкта жүгүн көтөрө билген адам. Пенсия жашына чейин бир канча кызматтарда жүрдү. Биз жубайы, балдары катары анын жумушуна тоскоол кыла турган жагдайларга жол бербегенге аракет кылат элек. Балдары да атам эл кызматында деп, бардык көйгөйлөрүн мага айтса, өтө орчундуусун атасынан кеңеш алышчу. Булар казарменный режимдерде көп жүрүштү, жатык тил менен айтканда от түшкөн, суу ташкындаган, мушташ болгон, анча-мынча кагылышууларда айтор бардык көйгөйлүү жерлерде болушат. Ошондой жерлерден кээде бычак жеп же жаракат алып келген учурлар болот. Анын ичинде орчундуу эсте каларлык окуя, жолдошум нөөмөттө турганда ДТП катталып, аны өлчөп жүргөндө муну башка бир жеңил машина уруп кетет. Менин ошондо төрөөрүмө бир жума калган эле. Боюнда бар аялга катуу таасир этпесин деп жолдоштору да мага катуу айтышпаптыр. Кийин бир аяшым көрсөтүп келейин деп алып барган. Чындыгында катуу жаракат алыптыр, анын азабын 2 жыл тартты.

Казарменный режимде, нөөмөттө турганда той-аштар чыгып калат. Азыр келет деп себеттериңди даярдап турсаң буйрук менен бирөөнүн нөөмөтүндө туруп калат же башка жакка кетип жаткан болот. Күтүп-күтүп кала бересиң. Эл кызматында болгондуктан өзүнүн өмүрүн тобокелге коюп иштешет. Андай учурлар көп болду. Бир канча жылдар мурун Сузакта жашаган кезибизде катуу сел келип калды. Бул нөөмөттө болчу. Ошондогу учур эч эсимден кетпейт. Элдин баарына бирден милиция жиберип эскертип чыккан. Биз бир аз жогору жакта жашайт элек. Суу каптап кетсе, ал жерди да кошо алып кетет экен. Ошол учурда оюңа ар нерсе келет экен. Бири тамтуң баскан бала болсо, экинчиси бешикте болсо тынчсызданып, “Биз кантебиз, элдин баары кетип эч калбады” деп чалсам “Эл эмне болсо, ошол болосуң да” деп өчүрүп койду. Балдар жаш болсо, иий эл эмне болсо ошо болот экенбиз деп таң калып, бизге да бирөө жардамга келер, бул да бирөөлөргө жардам кылып жатпайбы деп отура бердик. Кудайга шүгүр, бирок суу ал жакка чейин барган эмес.

“Офицердин жубайы” деген ИИМдин медалы мага күтүүсүз болду. Ушунчалык сүйүндүм, мектепте 43 жыл иштеп билим берүү системасынан албаган медалды ИИМден алдым.

Булардын кесиби ардагер кезинде да сыймыктуу экен. Ушул ардактуу эс алсын деп кам көрүп, дайыма башка жактарга жолдомолорду жөнөтүп турат. Ар үч-беш жылда сыйланып турушат. Мисалы биз билим берүү системасында иштесек, пенсияга чыккандан кийин болду унутуласың. Ал тирүүбү, барбы, көзүнүн майы кетти эле, нервин иштетти эле деп бирөө атыңды сурап койбойт. Жада калса, бир тал гүл менен да куттуктап коюшпайт. Мисалы, үйгө барганда да окуучулардын дептерлерин текшересиң, эртеңки сабагына даярданасың, сабак өтөсүң, ар бир окуучуга көңүл бөлөсүң ошондо да сыйлыкка илингендер илинет, илинбегендер 50 жыл иштесе да кала берет. Буларда андай эмес, качан болсо сый, дайыма чакырып, сый тамагын берип, медаль, грамоталар менен сыйлап турушат. Карыганда атыңды атап турса ошол чоң сыймык экен. Жашыңда берсин мээнетти, карыганда көрөсүң дөөлөттү деген накта ушул тура.

Белгилей кетсек,  «Офицердин жубайы» деген наам ИИМдин колдоосу менен 2019-жылдан тартып берилип жатат. Жалал-Абад областы боюнча жыл башынан бери 63 ардагердин жубайына аталган медаль ыйгарылды.

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17