Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
806 Бардыгы / Парламент депутаты Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында үч медианын сотко берилери замат алардын банк эсептери камакка коюлганын айыптады. – Прокуратуранын өкүлү отурасыз. Матраимовдор үч медианы сотко бериптир. Эми сотко бергенге укугу бар. Өз чындыгын коргосун. Бирок сотко берери менен Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду. Бул жакшы эмес жол. Эсибизге келели. […]
807 Бардыгы / Парламент депутаты Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында үч медианын сотко берилери замат алардын банк эсептери камакка коюлганын айыптады. – Прокуратуранын өкүлү отурасыз. Матраимовдор үч медианы сотко бериптир. Эми сотко бергенге укугу бар. Өз чындыгын коргосун. Бирок сотко берери менен Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду. Бул жакшы эмес жол. Эсибизге келели. […]
ЖАНАРБЕК АКАЕВ: ҮЧ МЕДИАНЫН ЭСЕБИ КАМАЛГАНЫ ЖАКШЫ ЭМЕС
13.12.2019 / Автор aymak808 Бардыгы /
Парламент депутаты Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында үч медианын сотко берилери замат алардын банк эсептери камакка коюлганын айыптады.
– Прокуратуранын өкүлү отурасыз. Матраимовдор үч медианы сотко бериптир. Эми сотко бергенге укугу бар. Өз чындыгын коргосун. Бирок сотко берери менен Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду. Бул жакшы эмес жол. Эсибизге келели. Азыр шаардык сот аны жокко чыгарышы керек.
Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду. Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.
Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:
Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;
Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;
Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;
Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;
«Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.
Доонун суммасы:
«Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;
Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;
24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;
«Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом.
Соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилген. «Азаттык Медианы» тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.
Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчиликке байланыштуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген болчу.
Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөө жарыяланган.
Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.
Журналисттик иликтөөгө байланыштуу 29-ноябрда Райымбек Матраимов УКМКда беш сааттан ашык сурак берген. Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан.
«Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат кытайлык ишкер Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.
Иликтөөлөргө байланыштуу жарандык активисттер 25-ноябрда Бишкекте коррупцияга каршы акция өткөрүшкөн.
www.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
15.04.2024 / Автор anarkan_kg ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНУН АКИМИ САРКЫНДЫ СУУ МАСЕЛЕСИНИН ЧЕЧИЛЭЭРИН УБАДАЛАДЫ
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg КЕРМЕ-ТООДО «ТЕЗ ЖАРДАМ» БЕКЕТИ КУРУЛАТ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОИИБде ЖАҢЫ АВТОУНААЛАР ЖАНА СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.