Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,790 Бардыгы / Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүндө жайгашкан №24 Гүльнара Бакиева атындагы орто мектептин окуучулары авариялык абалдагы мектепте окуп жатышат. Аталган мектептин директору Асанбек Эрмековдун айтымында, жамгыр жааган күндөрү, мектептин чатырынан суу тамган учурлар болот. “Мектептин имаратына 2011-жылы 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авариялык абалда деген корутундусу чыккан. Азыркы тапта мектептин эскилиги жеткендиктен дубалдары көчүп түшөт, […]
2,791 Бардыгы / Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүндө жайгашкан №24 Гүльнара Бакиева атындагы орто мектептин окуучулары авариялык абалдагы мектепте окуп жатышат. Аталган мектептин директору Асанбек Эрмековдун айтымында, жамгыр жааган күндөрү, мектептин чатырынан суу тамган учурлар болот. “Мектептин имаратына 2011-жылы 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авариялык абалда деген корутундусу чыккан. Азыркы тапта мектептин эскилиги жеткендиктен дубалдары көчүп түшөт, […]
СУЗАКТА АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕПТЕ 481 ОКУУЧУ БИЛИМ АЛУУДА
03.02.2020 / Автор aymak

2,792 Бардыгы /
Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүндө жайгашкан №24 Гүльнара Бакиева атындагы орто мектептин окуучулары авариялык абалдагы мектепте окуп жатышат.
Аталган мектептин директору Асанбек Эрмековдун айтымында, жамгыр жааган күндөрү, мектептин чатырынан суу тамган учурлар болот.
“Мектептин имаратына 2011-жылы 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авариялык абалда деген корутундусу чыккан. Азыркы тапта мектептин эскилиги жеткендиктен дубалдары көчүп түшөт, аны өзүбүз шыбып, оңдоп жатабыз. Чатырдын эскилиги жетип, сынып калгандыктан жаан-чачындуу күндөрү шыптан суу тамып, ыңгайсыздыктар жаралат. Жакынкы аралыкта министрликтен да келип, текшеришкен. Эскилиги жеткен мектептин имаратын оңдоого өткөн жылы мамлекеттен 40 миң сом бөлүнгөн.
Негизи мектеп эки корпустан турат, биринчи корпус мындан 56 жыл мурун тактап айтканда, 1964-жылы ашар жолу менен курулуп колдонууга берилген. Ал эми экинчи корпус 2005-жылы кошумча имарат катары курулган. Мектеп окутууну кыргыз жана өзбек тилдеринде жүргүзөт, 9-класска чейин гана билим бергендиктен 208 окуучуга ылайыкташып курулган, бирок бүгүнкү күндө 481 окуучуну тарбиялап жатабыз. Жаңы мектеп куруу үчүн айыл өкмөткө, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө, эл өкүлдөрүнө чейин кайрылдым, бирок жыйынтык болгон жок. Айлабыз кетип өткөн жылы өлкө башчыбызга кат жүзүндө кайрылгам, анын жообунда, 2019-жылы курула турган мектептердин катарына кошууга аракет кыларын белгилешкен,-дейт мектеп директору А.Эрмеков.
Мындан сырткары жергиликтүү бийликтин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ашкана курулуп жатат. Мектепте ашкана жоктугуна байланыштуу 273 окуучу класстык бөлмөдө чай ичип келишет. Азыркы учурда бул маселени чечүү үчүн жергиликтүү бийлик 400 миң сом акча которуп, колдоо көрсөттү. Мындан сырткары айылдагы колунда бар үй-бүлөлөр кыш, тинике алып берип колдоо көрсөтүп жатышат. Ашкана сентябрь айында толук бүтүп колдонууга берилет.
Кошумчалай кетсек, Сузак району боюнча авариялык абалдагы 10 мектеп бар. Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык 2020-жылы курула турган мектептер арасында Г.Бакиева мектеби да бар.
































Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg АГРАРДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР ОШТО УКУКТУК БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТЫП ЖАТЫШАТ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.