Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
881 Бардыгы / Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында Башар Асаддын күчтөрүнүн аба соккуларынан кеминде 29 түрк аскери каза болуп, 35и жаракат алды. Бул тууралуу Түркиянын Хатай провинциясынын губернатору билдирди. Буга байланыштуу бейшемби күнү кечинде түрк президенти Режеп Эрдоган өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү. Анкаранын расмий өкүлү Фахреттин Алтундун «Анадолу» агенттигине билдиргенине караганда, жыйында «Асад режиминин бардык […]
882 Бардыгы / Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында Башар Асаддын күчтөрүнүн аба соккуларынан кеминде 29 түрк аскери каза болуп, 35и жаракат алды. Бул тууралуу Түркиянын Хатай провинциясынын губернатору билдирди. Буга байланыштуу бейшемби күнү кечинде түрк президенти Режеп Эрдоган өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү. Анкаранын расмий өкүлү Фахреттин Алтундун «Анадолу» агенттигине билдиргенине караганда, жыйында «Асад режиминин бардык […]
ИДЛИБДЕГИ СОГУШТА ТҮРКИЯ 30ГА ЖАКЫН АСКЕРИН ЖОГОТТУ
28.02.2020 / Автор aymak

883 Бардыгы /
Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында Башар Асаддын күчтөрүнүн аба соккуларынан кеминде 29 түрк аскери каза болуп, 35и жаракат алды. Бул тууралуу Түркиянын Хатай провинциясынын губернатору билдирди.
Буга байланыштуу бейшемби күнү кечинде түрк президенти Режеп Эрдоган өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү.
Анкаранын расмий өкүлү Фахреттин Алтундун «Анадолу» агенттигине билдиргенине караганда, жыйында «Асад режиминин бардык белгилүү позицияларына жооптуу сокку уруу» чечими кабыл алынды.
«Жыйында Асаддын режими жүз миңдеген сириялыктын өлүмү үчүн жооптуу экени белгиленип, биздин аскерлерге каршы курал колдонгон мыйзамсыз режимден өч алуу чечими кабыл алынды… Биз эл аралык коомчулукту, өзгөчө Астанадагы сүйлөшүү процессинин катышуучуларын өз милдеттенмелерин аткарууга жана Асад режиминин адамзатка каршы жасап жаткан кылмыштарын токтотууга чакырабыз», — деди Алтун.
2017-жылы Астанада башталган Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларынын арасында Орусия да бар. Бул өлкө Асаддын режимине аскердик жардам көрсөтүп жатса, Түркия оппозицияны колдоп келет.
Түрк аскерлерине президент Асаддын күчтөрү сокку урганы кабарланганы менен, Идлибдеги аба соккуларынын көпчүлүгүн орусиялык авиация жасап келет.
Бейшемби күнү «Анадолу» агенттиги Идлибде түрк аскерлери орус учактарына ок аткандыгы тууралуу орусиялык телеканалдардын билдирүүсүн четке какты. Буга чейин алар Түркия менен Сириядагы куралдуу оппозициянын отряддары орус жана Асад режиминин учактарына чабуу жасоо үчүн көчмө зениттик-ракеталык комплекстерди колдонуп жатканын кабарлашкан. Өз кезегинде орус телеканалдарындагы мындай репортаждарга Reuters агенттиги да көңүл буруп, акыркы эки жумадан бери ракеталык комплекстен Башар Асаддын армиясына таандык эки тик учак гана атылып түшүрүлгөнүн жазды. Агенттиктин маалыматына караганда, бул аралыкта аймакта бир дагы учак атылган эмес.
Сириянын президенти Башар Асаддын күчтөрү Орусиянын авиациялык колдоосуна таянып, бир нече аптадан бери Идлиб провинциясына чабуул коюп келатышат. Акыркы 30 күн ичинде Асаддын өкмөттүк күчтөрү Идлиб провинциясынын түштүгүндөгү 30 калктуу пунктту өзүнө каратты.
Акыркы убактарда Сириядагы аскердик күчтөрүн улам көбөйтүп жаткан Түркия да бул чатакка улам көбүрөөк аралашып баратат. Түрк аскерлеринин колдоосу менен оппозиция Идлиб провинциясындагы Саракиб шаарын жана Алепподон Дамаскка бара турган жолду өз көзөмөлүнө кайтарып алганы кабарланууда.
БУУ Сириянын бул аймагында гуманитардык укуктар бузулуп, жергиликтүү калкка коркунуч жаралып жатканын билдирүүдө. Уюмдун маалыматына караганда, декабрдын башынан бери Идлибден дээрлик 950 миң адам чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
04.12.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
28.01.2026 / Автор anarkan_kg МАМЛЕКЕТТИК АВТОМЕКТЕПТЕРДЕГИ ОКУТУУНУН БААСЫ 19 МИҢ СОМ ДЕП АЙТЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.