Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,247 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленет: «2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук […]
1,248 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленет: «2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук […]
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН АЙМАГЫНДА ӨЗГӨЧӨ АБАЛ КИРГИЗИЛДИ
24.03.2020 / Автор aymak

1,249 Бардыгы /
| Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду |
| Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленет: «2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын (мындан ары — коронавирустук инфекция) жайылышын пандемия катары жарыялады. 2020-жылдын 18-23-мартында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 16 фактысы, анын ичинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 8 факт тастыкталды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, „Өзгөчө абал жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 7-беренелерине ылайык жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында токтом кылам:
1) коменданттык саат киргизилсин; 2) жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин; 3) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо обсервацияда же дарыланууда болгон жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын; 4) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын; 5) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын; 6) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин; 7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин; 8) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын; 9) карантин киргизилсин жана милдеттүү болгон башка санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлсүн; 10) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстары колдонулсун; 11) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн эмгекке жарамдуу жарандар эмгекти жана саламаттыкты коргоонун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен тартылсын; 12) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин; 13) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин; 14) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн; 15) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин; 16) жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлорун, туулган күндөрдү белгилөөнү жана башка иш-чараларды) өткөрүү жөнгө салынсын; 17) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн төмөнкүдөй кошумча милдеттер киргизилсин: — өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү; — күнүмдүк иште коопсуздук чараларын сактоо, коронавирустук инфекциянын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон бузууларга жол бербөө; — жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөнүү; — коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүү; — коронавирустук инфекциянын жайылышынын коркунучу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүү.
1) ушул Жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын; 2) өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.
|
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg ““УЛУУ ЖЕҢИШКЕ – 80 ЖЫЛ” ДЕГЕН КҮМҮШ МОНЕТА ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫКТЫ
-
-
28.05.2025 / Автор anarkan_kg АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.