Аймак

ӨЗБЕКСТАН ТИМИ: ОРУСИЯДАГЫ МЕКЕНДЕШТЕРДИ АЛЫП КЕЛҮҮ ҮЧҮН АВИАКАТТАМДАР УЮШТУРУЛБАЙТ

ӨЗБЕКСТАН ТИМИ: ОРУСИЯДАГЫ МЕКЕНДЕШТЕРДИ АЛЫП КЕЛҮҮ ҮЧҮН АВИАКАТТАМДАР УЮШТУРУЛБАЙТ

 1,391 Бардыгы /

ӨЗБЕКСТАН.  Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиядагы өзбек мигранттарын мекенине жеткирүү үчүн чартердик каттамдарды уюштурбагынын билдирди.

«Социалдык түйүндөрдө Орусиядагы өзбекстандыктарды чарткердик каттам менен алып келүү пландалып жаткандыгы тууралуу маалыматтар тарап жатат. Мекендештерди алдамчылардын жалган маалыматтарына ишенбөөгө чакырабыз. 30-марттан 20-апрелге чейин Өзбекстандагы бардык аэропорттор жабылган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

16-мартта коронавируска байланыштуу Өзбекстан менен Орусиянын ортосундагы темир жол байланышы убактылуу токтотулган. 18-мартта Орусия аэропортторундагы каттамдар токтоп калгандан кийин миңдеген өзбекстандык мекенине кете албай калышканы кабарланган.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 149га жетти. Алардын ичинен эки бейтап каза болсо, жети киши сакайып, реабилитациялык борборлорго которулган.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17