Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ 3 ПАРТИЯ ӨТТҮ
НООКАТ ШААРЫНДА ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ ӨТМӨК КУРУЛАТ
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
4,555 Бардыгы / Тазаланганын алып келбесеңер кабыл албайбыз,- дейт окшойт гипермаркет ээлери бул төө буурчакты. Өткөндө ун алабыз деп элдин көпчүлүгү узун кезекте турушканда аларды карап коюп эле андан ары жолубузду улаган элек. Андан бир жумадан кийин кой биз дагы болгон нерседен бир аздан болсо да алып коёлу деп Глобус гипер маркетине барсак, ушул буурчактын тазаланган […]
4,556 Бардыгы / Тазаланганын алып келбесеңер кабыл албайбыз,- дейт окшойт гипермаркет ээлери бул төө буурчакты. Өткөндө ун алабыз деп элдин көпчүлүгү узун кезекте турушканда аларды карап коюп эле андан ары жолубузду улаган элек. Андан бир жумадан кийин кой биз дагы болгон нерседен бир аздан болсо да алып коёлу деп Глобус гипер маркетине барсак, ушул буурчактын тазаланган […]
ТӨӨ БУУРЧАКТАН ТӨРТ СӨЗ
31.03.2020 / Автор anarkan_kg4,557 Бардыгы /
Тазаланганын алып келбесеңер кабыл албайбыз,- дейт окшойт гипермаркет ээлери бул төө буурчакты.
Өткөндө ун алабыз деп элдин көпчүлүгү узун кезекте турушканда аларды карап коюп эле андан ары жолубузду улаган элек.
Андан бир жумадан кийин кой биз дагы болгон нерседен бир аздан болсо да алып коёлу деп Глобус гипер маркетине барсак, ушул буурчактын тазаланган түрүн жаңы эле каптын оозун чечип, күлөктөргө салып жаткан дүкөнчү жигитти көрө коюп, “ии, буурчактан алсак окшойт, канча турат, Таластыкыбы дей калганыбызда, – 1 кг 90 сомдон, ээ, эже, Таластыкы да, анан каяктан эле деп гүбүрөнө, – канча аласыз, тартайынбы таразага”- деп калды.
Ооба, дээр менен эле бир чоңураак күлөккө толтура салып, ошол жерде жакын турган таразага барбай эле башка жакка азыр тартып келейин деп, буурчакты көтөргөн боюнча чуркап кетсе болобу.
– Оо, токто эле, токто, каякка алып кетип жатасын, канча кило, канча грамм экенин көрүп турушубуз керек, деп дүкөн бир болуп кыйкырып, дүкөнчүнүн артынан ээрчимек турсун, башыбызда буурчак алуу оюбуда жок болгондуктанбы, айтор бир аз нес боло, унчукпай эле ошол каптын жанында күтүп кала бердик. Дүкөнчү жигит кайра чуркап келип мына, деп колубузга кармата калганда баасын деле, кило-пилосун деле карабай, акчасын төлөп келе бергенбиз.
Жакын арада Ош базарына барып калып, дан азыктарын деги эле сырттан албаганыбызга карабай кайнаган аптапта, кычыраган суукта деле сыртта соода жүргүзгөндөрдүн азыркы абалга жараша суюла түшкөн катарынан ушул төө буурчактын каптарга салынып турган бир эки түрүн дагы байкай калсам болобу: ала-була, чаар-ала, анан ушул жер жаңгакка окшоп кеткен ток кызыл түстө.
Берки ала-буланы да биринчи көрө, муну албайм деп, чаар-аланы карап бул илгери биздин Актооктогу үй-корообузда өстүрүлгөн доңуз гүлдүн эле уругуна окшош экен, же ошол доңуз гүл дал ушул фасоль болуп жүрбөсүн деген ойлорум менен алпурушуп жатып, анан ушул чөп-чары менен эле турганды алайын, накта кызыл кырмандан тура, бул жакка алынып келгени көрүнөт, баасы да жөндүу экен -75 сом, деп ал жерден дагы ойдо жок эле сатып алдык.
Күрүч сатып алууда аралыштырып көрүп шалысы, күрмөгү, таштары көрүнө калса, каучук эмес, деп ишеничтүү алып, таш-тушун терип көнүп калган мага мунун чөп-чарларын тазалай коюу, орусча айтканда ерунда деп тазалап, кайра-кайра жууп, сууга чылап-жибитип, анан бүгүн бышырып, пиязды өзүнчө кууруп, аткулак (щавель), укроп, петрушка чөптөрүн, бадыраң, лимон кошуп аябай аралыштырып койсом эле даамдуу болуп чыга келди.
Ошо, буга чейин Жалалабаддын күрүчтөрүн айта берген болсом, эми Таластык дыйкан туугандарды мактап калабыз, го деген ой, да.
Зирек АСАНОВА,Бишкек шаары
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
18.11.2024 / Автор anarkan_kg КУДАЙБЕРДИ КОЖОБЕКОВ КАЙРАДАН ОШМУнун РЕКТОРЛУГУНА ДАЙЫНДАЛДЫ
-
18.11.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ 3 ПАРТИЯ ӨТТҮ
-
-
-
23.11.2023 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДА ЭКИ НӨӨМӨТ МЕНЕН ИШТЕГЕН БАЛА БАКЧАЛАР АЧЫЛАТ
-
04.12.2023 / Автор anarkan_kg ТҮРМӨДӨ МАҢЗАТ САТЫЛАТ!
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.