Аймак

BLOOMBERG: ОРУСИЯ МУНАЙ ӨНДҮРҮШҮН КӨБӨЙТПӨЙТ

BLOOMBERG: ОРУСИЯ МУНАЙ ӨНДҮРҮШҮН КӨБӨЙТПӨЙТ

 856 Бардыгы /

ОРУСИЯ. Орусия 1-апрелде ОПЕК менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаганына карабастан, мунай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтпөйт. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги орус өкмөтүндөгү өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Булактын айтымында, азыркыдай кырдаалда Москва үчүн мунай өндүрүшүн көбөйтүү маанисиз. Буга чейин Орусиянын энергетика министри Александр Новак өлкө мунай өндүрүшүн күнүнө 200-300 миң баррелге чейин көбөйтүшү мүмкүн экенин айткан.

Агенттиктин божомолуна ылайык, Орусиянын өндүрүш көлөмүн көбөйтпөө чечими — Сауд Арабиясы менен жүрүп жаткан «баа согушундагы» элдешүүнүн белгиси болушу мүмкүн.

Марттын башынан бери мунайдын дүйнөлүк баасы дээрлик 50% төмөндөдү. Буга Орусия сырье өндүрүү көлөмүн азайтуу боюнча ОПЕК менен келишим түзүүдөн баш тарткандыгы себеп болгон. Сауд Арабиясы COVID-19 пандемиясына байланыштуу экономиканы колдоо үчүн мунай өндүрүшүн азайтууну сунуштаган. Орусия өндүрүштү чектөөгө негиз жок экенин билдирип, бул сунушка макул болгон эмес. Буга жооп катары Эр-Рияд мунайын арзандатып, өндүрүш көлөмүн көбөйткөн.

Апта башында АКШнын президенти Дональд Трамп мунай баасынын төмөндөшүн токтотуу үчүн Москва жана Эр-Рияд менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганын билдирген. Ак үйдүн башчысы бул маселени апта башында Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө да көтөргөн. Трамптын айтымында, тараптар сүйлөшүүгө даяр. Азырынча баалардын төмөндөшүн токтотуу үчүн кандай чаралар көрүлүшү мүмкүндүгү атыла элек.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17