Аймак

РСЕ/РС КОРОНАВИРУС ТЕМАСЫН ЧАГЫЛДЫРУУГА ТОСКООЛДУК КЫЛГАНДЫГЫ ҮЧҮН ТАЖИК БИЙЛИГИН СЫНДАДЫ

РСЕ/РС КОРОНАВИРУС ТЕМАСЫН ЧАГЫЛДЫРУУГА ТОСКООЛДУК КЫЛГАНДЫГЫ ҮЧҮН ТАЖИК БИЙЛИГИН СЫНДАДЫ

 753 Бардыгы /

ЭРКИН ЕВРОПА/Азаттык радиосунун (РСЕ/РС) президенти Жейми Флай коронавирус пандемиясын чагылдырууну каалаган журналисттердин ишине тоскоолдук кылгандыгы үчүн Тажикстандын өкмөтүн сынга алды.

Флай өлкөнүн тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин атына жолдогон катында бийликтин «Озоди» радиосунун ишине кийлигишүүгө аракет кылып жатканына нааразылык билдирди.

«Коронавирус дүйнөгө жайылып жаткан учурда өлкө бийлиги «Озоди» радиосунун журналисттери менен жолугуудан баш тартып, аларды Саламаттык сактоо министрлигинин брифингине киргизиле турган маалымат каражаттарынын тизмесинен чыгарып койгон. Өкмөт коронавирус темасын чагылдырып, маалыматтык боштуктун ордун толтурууну каалаган журналисттердин ишине тоскоолдук кылууда», — деп жазылган катта.

Флайдын каты Тажикстанда «Озоди» радиосунун журналисттерине аккредитация берүү маселеси толук чечиле элек маалда жазылды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 2019-жылдын аягынан бери радионун 18 кызматкерине бир жылдык аккредитация бербей келет. Алардын күбөлүктөрүн министрлик 1-ноябрда мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу чакыртып алган.

Өлкө ТИМи 21-январда радионун төрт кызматкерине алты айлык мөөнөткө аккредитация берген. Калган жети кызматкерге, анын ичинде бюронун мурдагы эки башчысына аккредитация берүү маселеси чечиле элек.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17