Аймак

ЖАКШЫ ИЙГИЛИКТЕРДИ ЖАРАТКАН, АЙЫЛДЫН ЖАКШЫ МЕКТЕБИ

ЖАКШЫ ИЙГИЛИКТЕРДИ  ЖАРАТКАН, АЙЫЛДЫН ЖАКШЫ МЕКТЕБИ

 2,158 Бардыгы /

Жер энедей эмгек кылып дайыма,

Уул- кыздарды сүрөп алып алдыга.

Өрүш алган жолубузду улайт деп,

Билим бердик, ыйман бердик балага.

ЖАЛАЛ-АБАД. Ала-Бука районундагы1-Май айыл  өкмөтүнө  караштуу  №26 Жаңы-Шаар жалпы орто билим берүүчү мектеби  “Окутуунун жаңы маалыматтык технологияларын өздөштүрүү менен окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана Мекенди сүйүүгө тарбиялоо” деген проблеманын үстүндө 20 мугалим, 239 окуучуларга талыкпай билим-тарбия берип келүүдө.

Өз кесибинин устаттары:  Ш. Эшматова, А.Акмырзаева,  Н.Бошкоева, А.Райымкулов, А.Нышанов  Ж.Ташбаева, Б.Иамалиева, Г.Ботобековалар  С.Наргозиев сыяктуу мугалимдердин аттарын сыймыктануу менен атоого  болот.

Азыркы мезгилдеги мектеп директору – Мырзабекова Тургунай Нарбековна 2004-2005-жылдан тартып 2 жыл социалдык педагог, 2007-жылдан 2015-жылга чейин 8 жыл окуу бөлүмүнүн башчысы,  2015-жылдан бери директорлук түйшүктүү кызматта талыкпай  эмгектенип жатат. Ал мектептин ички жана тышкы абалын оңдоого өтө көңүл бөлүп, башкача айтканда мектептин материалдык техникалык базасын чыңдоого, билим  сапатын көтөрүүгө, мугалимдердин кесипгөйлүүгүнжогорулатууга, кадр маселесин чечүүдө, балдарды тарбиялап, алардын окуусуна, мугалимдердин иштөөсүнө заманбап  ыңгайлуу шарттарды түзүүдө бүткүл дараметин жумшап, жергиликтүү  айыл өкмөт, коомчулук демөөрчүлөр менен иштешип алдыңкы ийгиликтерге жетишти.

 Мисалга алсак: 2019-2020-окуу жылында ар бир класстык бөлмөдө автордук кабинет кылып,электрондук доска, видео камера, түстүү телевизорлор, түстүү принтерлер  менен жабдып, ошондой эле мектепти  жаңы эмеректер менен камсыздады. Мектептин эски имараты бир топ жылдан бери эскилиги жеткендиктен, анын жаңы имаратынын курулушунун түптөлүшүнө баа жеткис аракеттерди жасады. Жыйынтыгында, 2016-жылымектептинжаңы имаратынынкурулушу башталды.Учурда 2-кабаты  бүтөрдүн алдында турат. Мектептин жаңы имаратынын курулуш иштерине Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмү, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаев  чоң салымдарын кошуп келүүдө.Мектеп директору Т.Мырзабекова мектептин ата-энелери, мекеме жетекчилери, демөөрчүлөр менен тил табышып, мектептин материалдык техникалык базасын чыңдоодо.

            “Иш десе, ичкен ашын жерге койгон” изденүүдөн талыкпаган кыргыз тил мугалими азыркы мезгилде 2019-2020-окуу жылынан баштап  окуу бөлүмүнүн башчысы  Кулишева Мунайым Кучашевна 2009-жылдан 3 жыл социалдык педагог, 2012-жылдан тартып 7 жыл организатор болуп эмгектенген. Кыргыз тилинен бүтүрүүчү класстарды ЖТРга даярдап, айыл аймактагы мектептердин арасында алдынкы орунду ээлеп келе жатат. Алгылыктуу эмгегинин натыйжасында бир топ жетишкендиктер жаралды.

№26 Жаңы-Шаар жалпы орто билим берүүчү мектебинин билим сапаты боюнча төмөнкө көрсөткүчтү айтууга болот.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн көрсөткүчү

Окуу жылдары Катышты Эң жогорку балл Орточо балл Бюджеттик бөлүм Конт. бөлүм
2016-2017 5 184 146 2 3  
2017-2018   10 187 130 6 4
2018-2019   6 185 153 5 1

Окууга жөндөмдүү, шыктуу  окуучуларыбыз райондук  жана областтык  предметтик  олимпиададан  байгелүү орундарды багындырып келүүдө.

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2017-2018-окуу жылындагы 3-4-класстар жана 5-9-класстар арасындагы предметтер аралык уюштурулган олимпиада боюнча;  3-4-класстардын предметтик олимпиадасына 2 окуучу катышып, 4-класстын окуучусу Истамбекова Зайнагүл кыргыз тили жана математика сабагынан 3-орунга ээ болду(мугалими Мырзабекова Тургуна). Ал эми 5-9-класстардын арасындагы предметтик олимпиадага жалпы 21 окуучу катышып, алардан 7 окуучу ийгиликке жетишти. Алар 8-класс окуучусу Токтомамбет кызы Фарида, 9-кл Мейманкул кызы Гүлназ кыргыз тили сабагынан 1-орун(мугалими Акмырзаева Айнагүл), 9-класс окуучусу Сапаралы уулу

Эржигит тарых сабагынан 1-орун (мугалими Конушова Рахима), 6-класстын окуучусу Жаныбеков Кайрат, 7-класстын окуучусу Рыспаева Нуриза кыргыз тили сабагынан 3-орун ( мугалими  Кулишева Мунайым), 5-класстын  окуучусу Хайдаров Жумаалы кыргыз тили сабагынан 3-орун(мугалими Молдобекова Нышанбү), 8-класс окуучусу Капаралы кызы Албина биология сабагынан 3-орун (мугалими Тоялиева Сүйүмкан).

2018-2019-окуу жылындагы предметтик олимпиада боюнча 3-4-класстардын предметтик олимпиадасына 4 окуучу катышып, 4-класстын окуучусу Өмүрзаков Эрзат  математика предметинен 2-орунга ээ болду (мугалими Нышанов Абдивали). 5-9-класстар окуучулар арасындагы предметтик олимпиадага жалпы 21 окуучу катышып алардан 5 окуучу ийгиликке жетишти. Алар 8-класстын окуучусу Алмазбек уулу Нуртилек биология предметинен 1-орун,  9-класстын окуучусу Капаралы к Албина биология  предметинен 3-орун(мугалими Бошкоева Нурила), 7-класстын окуучусу Усманова Айбийке  география предметинен 1-орун(мугалими Имамалиева Бактыгул),5-класстын окуучусу Истамбекова Зайнагүл, 9-класстын окуучусу Токтомамбет кызы Фарида, 10-класстын окуучусу Меймакул кызы Гулназ  кыргыз тили жана адабият предметинен  3-орун, (мугалими Акмырзаева Айнагүл), 7-класстын окуучусу Капарова Гүлкыз  орус тили жана адабият предметинен  3-орун, мугалими Турсумамат кызы Асел, 10-класстын окуучусу Токбаева Айдана орус тили жана адабият предметинен 3-орун (мугалими Эшматова Шааркүл).

Окуу тарбия иштери боюнча Имамалиева Бактыгүл үзүрлүү эмгектерди жаратууда. Окуучулар арасында  райондук деңгээлдеги “Көркөм окуу” ,“Биларман ордо”, “Манас таануу”,  “Жаш техник” конкурстарда активдүү катышып, алдыңкы орундарга жетишүүдө. Мугалимдер арасында  өткөрүлгөн  “Эрудит-2018” райондук масштабдагы иш чарасында баш байгени багындырышты.

        Социалдык педагог  Ташбаева Жаңылай  ийкемдүүлүк менен  ата-энелер арасындагы  көйгөйлөрдү ордунда, өз убагында чечип, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ИДН кызматкерлери менен бирге иш чараларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Үзүрлүү жана талыкпаган эмгеги аркылуу тартип бузуулар болгон жок.

Биргелешип жасаган  аракеттеринин натыйжасында ийгиликтери жана эмгектери бааланып,  Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмү  тарабынан уюштурулган мектептер арасында мелдеште,  жылдын жыйынтыгы менен көп жылдан бери “Жылдын мыкты мектеби”  баш байгени бербей келе жатат. 

Мунайым КУЛИШЕВА, Ала-Бука району№ 26 Жыңы- Шаар жалпы  орто билим берүүчү мектеби кыргыз тили жана адабияты мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17