Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,481 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Быйылкы жылдын 9-апрель күнү JIA Бизнес -ассоциациясы “Курулуш тармагындагы көйгөйлөр” аталышындагы онлайн-конференция уюштурду. Бул видеоконференциянын негизги максаты Кыргызстандын курулуш тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү, курулуш тармагына COVID-19 коронавирус пандемиясынын терс таасирин, анын ичинде этаптуу долбоорлоо жана курууга уруксат берүүчү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдү, ошондой эле өрт коопсуздугунун маселелерин талкуулоо болду. Видеоконференцияга курулуш тармагындагы 30дан ашык […]
1,482 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Быйылкы жылдын 9-апрель күнү JIA Бизнес -ассоциациясы “Курулуш тармагындагы көйгөйлөр” аталышындагы онлайн-конференция уюштурду. Бул видеоконференциянын негизги максаты Кыргызстандын курулуш тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү, курулуш тармагына COVID-19 коронавирус пандемиясынын терс таасирин, анын ичинде этаптуу долбоорлоо жана курууга уруксат берүүчү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдү, ошондой эле өрт коопсуздугунун маселелерин талкуулоо болду. Видеоконференцияга курулуш тармагындагы 30дан ашык […]
КУРУЛУШ ТАРМАГЫНЫН АБАЛЫ КАНДАЙ? (ишкерлердин пикири)
24.04.2020 / Автор anarkan_kg

1,483 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Быйылкы жылдын 9-апрель күнү JIA Бизнес -ассоциациясы “Курулуш тармагындагы көйгөйлөр” аталышындагы онлайн-конференция уюштурду. Бул видеоконференциянын негизги максаты Кыргызстандын курулуш тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү, курулуш тармагына COVID-19 коронавирус пандемиясынын терс таасирин, анын ичинде этаптуу долбоорлоо жана курууга уруксат берүүчү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдү, ошондой эле өрт коопсуздугунун маселелерин талкуулоо болду.
Видеоконференцияга курулуш тармагындагы 30дан ашык ишкерлер катышты жана басымдуу бөлүгү региондордогу JIA мүчөлөрү түздү.
Ишкерлердин пикири боюнча COVID-19 коронавирус пандемиясынын курулуш тармагына тийгизген терс таасири чоң. Мындай учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан каралып жаткан этаптуу долборлоо жана өрт коопсуздугу боюнча демилгеленген мыйзам долбоорлору бүтүндөй тармакка оң таасирин тийгизип, экономикалык кризистен чыгууга жардам берерин белгилешти.
Андан сырткары курулуш жүргүзүүдө учурдагы абалдан сырткары да бир топ көйгөйлөр бар. Буга чейин чечилбей келген маселелерди чечүү учурдун талабы экени айтылды. Анткени курулуш тармагы эң көп жумуш өрундарын түзгөн тармак жана анын артынан бир топ башка бизнестер да өз ишин жандантып кетет. Алсак, Жалал-Абад шаарындагы курулуш компаниялары уруксат кагаздарын алууда кыйналып жатышканын белгилешти. Бул жерде уруксатты алууда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги маанилүү ролду ойнойт. Бул уруксатты алуу кыйын, анткени Жалал-Абад аэропорту өзүнүн айланасындагы санитардык зона эки чакырымга кеңейтилген. Бул шаардын 70% аянтын камтыйт.
Дагы бир көйгөйдү Талас облусундагы ишкер билдирди. Анын айтымында курулуш компанияларына мамлекеттик мекемелерде аткарылган иштер үчүн подрядчыларга төлөмдөрдүн тездетиши боюнча түшүндүрмөлөр берилген эмес.
Мындан тышкары видеоконференциянын катышуучулары курулуш тармагынын абалын жакшыртуу боюнча бир нече сунуштарын айтышты. Анда курулуш компаниялардын кредиттик милдеттенмелери боюнча тыныгуу киргизүү, мамлекеттик объекттерде аткарылган жумуштар үчүн подрядчыларга төлөмдөрдү тездетүү, тармакты колдоо үчүн финансылык жана фискалдык чараларды киргизүү, ошондой эле уруксат алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү сунушталды.
Бул видеоконференция USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун техникалык колдоосу менен “Этаптуу курулуш жана өрт коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү” алкагында өткөрүлдү.
«Аймак»
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
-
05.03.2026 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ ЖЕТИ ЖАСАЛМА МӨҢГҮ ТОҢДУРУЛДУ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.