Аймак

БАЗАР-КОРГОНДО СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИНЕН КАБАР АЛЫНДЫ

БАЗАР-КОРГОНДО СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИНЕН КАБАР АЛЫНДЫ

 2,119 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата мамлекеттен бир жолку берилүүчү сый акчаны Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине тапшырышты.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бакыт Козуев, орун басары Нургазы Нармырзаев жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мунарбек Калмаматов баштаган топ Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана оорук эмгек армиячыларынын абалынан кабар алып, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата мамлекеттен бир жолку берилүүчү сый акчаны ардагерлерге үйлөрүндө тапшырышты. Бүгүнкү күндө Базар-Коргон району боюнча 6 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жашайт, алардын ичинен 2 майып, 4 катышуучуга 75 миң сом акча, ошондой эле 7 ооруктагы эмгекчил эмгек армиячылары 15 миң сомдон, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин 1 үй-бүлөсүнө да 15 миң сомдон акча каражатын тапшырышты.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17