Аймак

БЕЙТАПТАРДЫН 48%ы ООРУКАНАДАН ЧЫГАРЫЛДЫ

БЕЙТАПТАРДЫН 48%ы ООРУКАНАДАН ЧЫГАРЫЛДЫ

 1,368 Бардыгы /

БИШКЕК. COVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптардын 48% ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында белгиленди. 

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдөгү азыркы эпидемиологиялык абал тууралуу айтып берди. 2020-жылдын 23-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинин 631 учуру катталды. Стационарда – 321 бейтап, алардын 5 жандандыруу бөлүмүндө жатышат. 8 адам каза болду. 

Жыйында КРдин биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баса белгилегендей, аймактарда обсервациялык жайлар жарандарды кабыл алууга даяр турууга тийиш.

«Тиешелүү мамлекеттик органдар мекендештерибиздин өлкөгө кайтуусу үчүн каттамдарды уюштуруу маселелерин иштеп жатышат. Аймактарда обсервация жайларынын жарандарды кабыл алууга даярдыгын камсыз кылуу зарыл. Жергиликтүү бийлик органдары кечээ жакында Новосибирсктен келген жарандардын жашоо шарттарын көрүп чыгууга, зарылдыгына жараша алар үчүн карантиндик эрежелерди мындан ары сактоого обсервациялык орундарды даярдашы керек », – деди Кубатбек Боронов. 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17