Аймак

БИШКЕКТЕ КРИЗИСТИК БОРБОРЛОРДУН ИШИНЕ УРУКСАТ БЕРИЛИШИ МҮМКҮН

БИШКЕКТЕ КРИЗИСТИК БОРБОРЛОРДУН ИШИНЕ УРУКСАТ БЕРИЛИШИ МҮМКҮН

 1,398 Бардыгы /

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев карантин жарыялангандан бери калаада үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөндүгүн, буга байланыштуу кризистик борборлордун ишине уруксат берүү маселесин карап чыгууга макул экенин билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда дээрлик 62% жогору.

«2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факт катталса, быйыл 162 катталды. Мындан улам үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар баш калкалоочу кризистик борборлордун ишине уруксат берүү маселесин карап чыгууга макулмун, бирок ал жайларда коронавирустун жайылбашы үчүн бардык коргонуу шарттары камсыз болушу зарыл», – деди комендант.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылууда.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17