Аймак

КАЗАКСТАНДА ТҮРМӨДӨ ОТУРГАН КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАН КОРОНАВИРУС АНЫКТАЛДЫ

КАЗАКСТАНДА ТҮРМӨДӨ ОТУРГАН КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАН КОРОНАВИРУС АНЫКТАЛДЫ

 1,178 Бардыгы /

Алматы облусунун Жаугашты айлындагы аялдар колониясында жазасын өтөп жаткан кош бойлуу келинден коронавирус табылды. Маалыматты Казакстан ИИМинин Жаза аткаруу комитети тастыктады.

Маалыматка караганда, кош бойлуу аял төрөтканага жолдомо алуу үчүн тешкерүүдөн өткөн маалда коронавирус аныкталган. Буга байланыштуу 25-апрель күнү кечинде ал Иле райондук ооруканасынын обочолонгон палатасына жаткырылган.

Бейтап менен байланышта болгон түрмөдөгү башка аялдар дагы инфекциялык изоляторго которулду. Ушул тапта колониянын кызматкерлери жана жазасын өтөп жаткан аялдар текшерүүдөн өтүүдө.

Иле райондук ооруканасы карантинге жабылды.

Буга чейин Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык федерация (FIDH) коронавирус коркунучуна байланыштуу дүйнө өлкөлөрүн түрмөдө отурган саясий туткундарды, аялдарды жана кары-картаңдарды эркиндикке чыгарууга үндөгөн.

Расмий маалыматтар боюнча 26-апрелге карата Казакстанда 2700гө чукул адам вирус жуктуруп алды. 25 киши көз жумду, 700дөйү айыгып чыкты.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17