Аймак

ТАЖИКСТАН ПОЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖӨНҮНДӨГҮ ТЕЛЕСЕРИАЛГА БАЙЛАНЫШТУУ КАЗАКСТАНГА НОТА ЖӨНӨТТҮ

ТАЖИКСТАН ПОЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖӨНҮНДӨГҮ ТЕЛЕСЕРИАЛГА БАЙЛАНЫШТУУ КАЗАКСТАНГА НОТА ЖӨНӨТТҮ

 1,021 Бардыгы /

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 27-апрелде Казакстандын «НТК» телеканалында көрсөтүлүп жаткан «Патруль» телесериалындагы көрүнүштөрдүн бирине нааразылык билдирип, казак тарапка нота жөнөттү.

Казакстандын ТИМине жолдонгон нотада териштирүү жүргүзүп, телесериалдын жаратуучуларынын ишмердүүлүгүнө «укуктук баа берүү» талабы жазылган.

B.A.S production продюсердик борбору тарабынан тартылып, «НТК» телеканалында көрсөтүлүп жаткан сериалда Серик жана Берик атту эки полиция кызматкеринин иши тууралуу айтылат. Тасманын серияларынын биринде каармандар колу-бети кир, казакча да, орусча да билбеген кишини кармашат. Алар аны Тажикстандан келген мигрант деп ойлоп, полиция бөлүмүнө алып барышат. Ал жерде автоунаа жуудуруп, дубал сырдатышат.

Кийинчерээк кармалган адам Тажикстандын элчиси экени, элчилик имаратына баратып адашып кеткени белгилүү болот.

2016-жылы Тажикстанда «тажик элин кемсинткендиги үчүн» Орусиянын «Комсомольская правда» гезитинин бир саны басылып чыкпай калган. Көп өтпөй гезит өлкөдөгү ишмердүүлүгүн толугу менен токтоткон. Буга басылманын журналисти Тажикстандын тургундарын «Наша Russia» аттуу популярдуу берүүдөгү Равшан жана Жамшут деген мигранттарга салыштыргандыгы себеп болгон.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17