Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,010 Бардыгы / Өзбекстандын Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жырылып кетүүсүнө күтүүсүздөн башталган «катуу шамал» себеп болушу ыктымал. Бул тууралуу өлкөнүн Суу чарба министрлигинин алдындагы Суу сактагычтарга көз салуу боюнча башкармалыктын башчысы Шарифжон Кучкаров билдирди. «Дамбанын жырылып кетүүсүнө акыркы 2-3 күндөгү бороон себеп болгон деп болжолдоп жатабыз. Шамалдан улам суу сактагычта катуу толкун башталган. Ал дамбанын 28 […]
1,011 Бардыгы / Өзбекстандын Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жырылып кетүүсүнө күтүүсүздөн башталган «катуу шамал» себеп болушу ыктымал. Бул тууралуу өлкөнүн Суу чарба министрлигинин алдындагы Суу сактагычтарга көз салуу боюнча башкармалыктын башчысы Шарифжон Кучкаров билдирди. «Дамбанын жырылып кетүүсүнө акыркы 2-3 күндөгү бороон себеп болгон деп болжолдоп жатабыз. Шамалдан улам суу сактагычта катуу толкун башталган. Ал дамбанын 28 […]
САРДОБА СУУ САКТАГЫЧЫН КУРУУДА КОРРУПЦИЯГА ЖОЛ БЕРИЛГЕНИ АЙТЫЛУУДА
04.05.2020 / Автор anarkan_kg1,012 Бардыгы /
Өзбекстандын Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жырылып кетүүсүнө күтүүсүздөн башталган «катуу шамал» себеп болушу ыктымал. Бул тууралуу өлкөнүн Суу чарба министрлигинин алдындагы Суу сактагычтарга көз салуу боюнча башкармалыктын башчысы Шарифжон Кучкаров билдирди.
«Дамбанын жырылып кетүүсүнө акыркы 2-3 күндөгү бороон себеп болгон деп болжолдоп жатабыз. Шамалдан улам суу сактагычта катуу толкун башталган. Ал дамбанын 28 метрлик төмөнкү бөлүгүн бузуп, жууп кеткен болушу мүмкүн», — деди министрликтин өкүлү.
Бирок курулуш жана суу сактагычтар тармагында иштеген адистер Сырдарыя облусундагы кырсыкка жемкорлук жана монополия себеп болгон деп эсептешүүдө.
«Смета боюнча курулган плотина эч качан алгачкы катуу шамалда эле урап калбайт. Мындай объектилерди бардык эрежелерге ылайык курган адамдар да тез арада байып кетишпейт. Бул жерде акча уурдалган, анын схемасы жөнөкөй эле. Мисалы, суу сактагычтын таптала турган жерине 1000 куб метр кум керек болсо, 500 куб метр колдонулат. Бирок кагазга 1000 куб метрдин акчасы жазылат. Башка курулуш материалдары боюнча да ушундай эле жол колдонулат. Суу сактагычтын курулушуна канча акча бөлүнгөнүн, аны курган адамдар азыр кандай жашап жатканын карап көрсөңөр эле акча кимдин чөнтөгүнө кеткени белгилүү болот», — деди адис.
Сардоба суу сактагычынын курулушуна катышкан жергиликтүү тургандардын бири да бул маалыматтарды ырастады.
– Мен курулуш иштерине катышып жүргөн адам катары таш менен шагыл нормадан кыйла аз колдонулганын жакшы билем. Курулушка таш менен шагыл алып бараткан унаалар жолдон аларды коңшу айылдын тургундарына сатышкан. Азыр «Чимкурган» айыл аймагында да суу сактагыч курулуп жатат. Ал жерде да ушундай эле абал, күйүүчү май уурдалып, элге сатылып жатат», — деди ал.
Курулуш тармагында иштеген бир нече адис Сардоба суу сактагычын «Тупаланг-гидро курилиш» компаниясы курганын билдиришти. Алардын айтымында, бул компания «Өзбекгидроэнерго» башкармалыгынын төрагасы, сенатор Абдугани Сангиновго таандык.
«Өзбекстандагы бардык суу сактагычтарды Абдугани Сангиновго таандык компаниялар курат. Бул — анын монополиясы. «Тупалангстрой» компаниясында 1,5-2 миң киши иштейт», — деди өзбек өкмөтүндөгү аты-жөнүн билдиргиси келбеген аткаминерлердин бири.
1-май күнү эртең менен Сырдарыя облусундагы Сардоба суу сактагычынын дамбасы жырылып, андан чыккан суу жергиликтүү тургандардын үйлөрүнө жана айдоо жерлерге каптаган. Аймактагы 70 миңге жакын тургун коопсуз жайга көчүрүлгөн. Суу сактагычтын курулушу Шавкат Мирзиёев премьер-министр кезинде башталып, ал президент болгондо аяктаган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.