Аймак

ТҮРКМӨНСТАН ӨЗБЕКСТАНГА СУУ КАПТООНУН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА ЖАРДАМ БЕРЕТ

ТҮРКМӨНСТАН ӨЗБЕКСТАНГА СУУ КАПТООНУН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА ЖАРДАМ БЕРЕТ

 1,314 Бардыгы /

Түркмөнстан Өзбекстанга Сардоба суу сактагычындагы кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов 6-майда өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирди.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги сүйлөшүү өзбек тараптын демилгеси менен болгонун кабарлады. Билдирүүдө Мирзиёев Түркмөнстандын бул сунушун кабыл алган-албагандыгы жазылган эмес.

Өзбекстандын Сырдарыя облусунда Сардоба суу сактагычындагы кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. 1-майдын таңында суу сактагычтын дамбасы жырылып, андан чыккан суу аймактагы айылдарды, коңшу Казакстандын бир нече районун каптаган.

Ал ортодо Түркмөнстандын өзүндө катуу шамалдан жабыркаган тургундар жардамсыз калганы айтылууда. 27-апрелде Лебап жана Мары облустарында катуу шамал болуп, ондогон адам өлүп, турак-жайлар зыянга учураган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17