Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ЖАПОНИЯЛЫК ИРИ КОМПАНИЯНЫН ЖЕТЕКЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ЖАПОНИЯЛЫК ИРИ КОМПАНИЯНЫН ЖЕТЕКЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 1,412 Бардыгы /

ТОКИО. Кыргыз Республикасынын Жапониядагы Элчиси Мирлан Арстанбаев Жапониянын «Санариптик коомду илгерилетүү» уюмунун төрагасы жана «Smart EcoSystem Co Ltd» компаниясынын башчысы Сожи Сузуки менен жолугушту.

         Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Элчиси маектешине 2020-жыл Кыргыз Республикасында «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы деп жарыялангандыгын маалымдады. Ушуга байланыштуу Кыргызстан Жапониянын алдыңкы санариптик технологияларын тартууга өзгөчө маани береээин баса белгиледи.

Өз кезегинде Жапониянын «Санариптик коомду илгерилетүү» уюмунун төрагасы жана «Smart EcoSystem Co Ltd» компаниясынын башчысы Сожи Сузуки Сузуки өз уюмунун ишмердүүлүгү жана кызматташуу багыттары туурасында кеңири маалымат жасады.   Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын жооптуу органдарынын катышуусу менен видеоконференция уюштурууну дагы макулдашышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17