Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
834 Бардыгы / «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай 2-июнда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүлөрүнүн «журналисттер акча алган» деген билдирүүсүн «журналисттерди каралоо» деп баалады. Эл аралык медианын президенти: «Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт. […]
835 Бардыгы / «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай 2-июнда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүлөрүнүн «журналисттер акча алган» деген билдирүүсүн «журналисттерди каралоо» деп баалады. Эл аралык медианын президенти: «Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт. […]
ФЛАЙ: «АЗАТТЫКТЫН» ЖУРНАЛИСТТЕРИН КАРАЛОО УЛАНЫП ЖАТАТ
03.06.2020 / Автор aymak

836 Бардыгы /
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай 2-июнда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүлөрүнүн «журналисттер акча алган» деген билдирүүсүн «журналисттерди каралоо» деп баалады.
Эл аралык медианын президенти: «Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт. Матраимов мырза журналист Али Токтакуновду жана «Азаттыктын» кыргыз кызматын сотко берип, былтыр декабрда кызматыбыздын банк эсеби камакка алынып, кийинчерээк кайра чыгарылган. Биз чындыкты бурмалаган мындай аракеттерди айыптап, кыргыз бийлигин иликтөөгө катышкан журналисттердин коопсуздугуна коркунуч келтиргендерди жоопкерчиликке тартууга үндөйбүз» деп айтты.
2-июнда кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отурумунда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек:
«Айеркен Саймаити менен Хабиубулла Абдукадырдын ортосунда 2016-2017-жылдарда акча тууралуу карама-каршылык пайда болгон экен. 2017-жылдын май айында Абдукадырдын өкүлдөрү Саймаити менен сүйлөшүү жүргүзүп, ага беш жыл үчүн үч миллион доллардан ашык доо коюшат. Ошонун негизинде тирешүү пайда болуп, Саймаитинин үстүнөн Абдукадырдын өкүлдөрү ички иштер органдарына арыз жазып, иш козголуп, Саймаити адегенде Бишкекке, кийин Казакстан аркылуу Түркияга качып кеткен деген көрсөтмө бар. Саймаити бул доону мойнуна албай, кайра «Абдукадыр мага карыз» деген доо коюп жүргөн экен. Саймаитинин жанында жүргөн күбөлөр айтып бергендей, ал акчасын өндүрүү максатында ар кандай ыкмаларды колдонуптур. Ошондой ыкмалардын бири – журналисттерди жалдап, алар аркылуу ага басым көрсөтүү болгон экен. Күбөлөр берген көрсөтмө боюнча «Азаттыктын» журналисттерине да кайрылып, маалыматты бере баштаган экен. Карызын жарым жартылай өндүргөндөн кийин финансылык каражат да берген деген көрсөтмөлөр болду», – деп билдирген.
Отурумдун жүрүшүндө убактылуу депутаттык комиссияга УКМКнын тергөөчүлөрү журналистке каршы көрсөтмө берген эки күбөнүн видео көрсөтмөсүн көрcөттү.
Видеотасмадагы эки күбөнүн бири – Эркин Сопоков. Ал Айеркен Саймаити «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакуновго Стамбул шаарында 50 миң доллар бергенин Саймаитиден укканын айткан.
Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков Айеркен Саймаити Стамбулда 10-ноябрда өлтүрүлгөндөн кийин ишинен бошотулуп, кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Буга Саймаити өлгөн жерде Сопоковго таандык дипломаттык номерлүү «Range Rover» автоунаасынын табылганы себеп болгон.
Кийинчерээк Башкы прокуратура, УКМК Кылмыш кодексининин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелеринин негизинде үч эпизод боюнча кылмыш ишин козгогон. УКМКнын өкүлү Рахат Сулаймановдун билдиргенине караганда, Эркин Сопоков учурда УКМКнын тергөө абагында. Ал 2019-жылы 20-ноябрда кармалып, камакка алынган.
Сопоков консул кезинде дипломаттык номер тагылган өзүнө таандык «Range Rover» үлгүсүндөгү автоунаасын Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге жана башкаларга мыйзамсыз берген, мыйзамсыз жол менен 200 миң доллар тапкан, 47 миллион сомго кыймылсыз мүлк алган, жубайы Стамбулда жашабаганына карабай бюджеттен 30 пайыздык төлөмдү, медициналык жана башка чыгымдарга 31 миң доллардан ашык каражатты мыйзамсыз алып жүргөн деп айыпталып жатканы кабарланган.
УКМК видео далилде көрсөткөн экинчи күбө – Тулобаев Рустам Сатибаевич өзүн «Медина шаарында гид болуп иштейм» деп тааныштырат. Ал тергөөгө “Саймаити Хабибула деген адамдан карызын өндүрүп алуу үчүн «Азаттыкка» документтерди бергенин, ал үчүн «журналистти ыраазы кылам» деп айтканын” укканын билдирген.
Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин ишине байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.
Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
22.02.2025 / Автор anarkan_kg УКМК АРАВАН РАЙОНДУК СОТУНУН СУДЬЯСЫН ПАРА МЕНЕН КАРМАДЫ
-
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ЖАРДЫН КЫРЫНДА ЖАШАГАНДАР ДАГЫЛЕ КӨЧПӨЙ ЖАТЫШАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.