Аймак

СУЗАК: УКЖда КАРМАЛЫП ТУРГАН 18 ЖАРАН САБАЛГАНБЫ?

СУЗАК: УКЖда КАРМАЛЫП ТУРГАН 18 ЖАРАН САБАЛГАНБЫ?

 1,341 Бардыгы /

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында (УКЖ) кармалган жарандар 27-июнда сабалды. Аларга кол көтөргөн милиция кызматкерлери болгондугу айтылат. Жанжал тинтүү учурунда бири-бирине баш ийбеген учурда келип чыккан. Тартип мекемесиндеги башаламандык учурда иликтөөгө алынды.

Милиция кызматкерлери тарабынан ыдык көргөндөр кыйноолорду алдын алуу борборуна арыз менен кайрылышкан. Учурда алардын доосу каралып жатат. Жалпы 19 жарандын 18и милициянын үстүнөн даттанган. Аларды медициналык кароодон өткөргөн учурда 7 адамдын денесинен көк ала тактар, дубинканын издери табылган.

«Убактылуу кармоочу жайда 19 адам отурган. Алардын ичинен 18 адам кыйноого кабылганы боюнча арыз жазышты. Медициналык кароодон өткөндө 7 адамдын денесинен көк ала тактар ошондой эле дубинканын издери аныкталып, протокол толтурулду. Биз көзүбүз менен көргөнүбүз ушул болду. Милиция кызматкерлеринин айтымында, аларга кармалгандар арасындагылардын биринде уюлдук телефон бар экени боюнча маалымат түшкөн. Ошол үчүн атайын тинтүү жүргүзүшүп, эки телефон табышыптыр. Буга чейин ушул жерде отургандардын бири ичин жарган окуя болгон экен. Ошондой окуя болбосун деп тинтүү кылганын айтышты. Канткен күндө да кармалгандар ур-токмокко кабылганы көрүнүп турат. Биз топтолгон материалды укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз. Эми ошолор карашат» -дейт, Алишер ЭРМАТОВ, Кыйноолорго каршы күрөшүү Улуттук борборунун Жалал-Абад облусу боюнча координатору.

Деген мындай айыптоолорду сузак райондук милициясы четке кагат. Анткени убактылуу кармоочу жайда пандемияга каршы атайын тазалоо иштери жүргөн. Аны менен катар алар тинтүүгө да алынган. Бул учурда милицияга баш ийбеген шектүүлөр өз алдынча чыр чыгарып баштаган деп айтылат. Учурда тараптуу тергөө жүрүүдө.

 «УКЖда коронавирус илдетин алдын алуу максатында жана мыйзамсыз буюмдардын сакталышын аныктоо үчүн тинтүү жүргүзүлгөн. Камераларды текшерүүнүн жыйынтыгында уюлдук телефондор, сим-карталар, темир металлдан атайын учталып даярдалган зымдар, темир металлдан жасалган миздүү бычакка окшошкон буюмдар табылып, акт түзүлгөн.
Табылган буюмдар боюнча жана топтолгон материалдар Сузак РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 166-беренеси (Жаза аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалып турган адамдарга тыюу салынган предметтерди берүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Азыркы учурда бул боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө ага катышкан кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуулар катталган эмес.
УКЖда кармалып турган шектүү жана айыпкерлер текшерүү жүргүзгөн учурга чейин бир нече жолу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, УКЖнын ички тартибин сактабай, өзүм билемдик аракеттерди жүргүзүп УКЖдагы камералардын эшиктерин себепсиз тепкилеп келишкени жана камераларга орнотулган видеобайкоолорду сындырып коюшканы такталган. Андан сырткары 2020-жылы 25-июнда саат 15:30 чамасында Сузак райондук сотунун имаратында сот процесси учурунда айыпталуучулар — 1990-жылы туулган И.А. менен 1989-жылы туулган Ш.Ш. жанында себепсиз алып жүргөн кичинекей кырдуу темир менен өздөрүнүн ичин кескилеп салган»
– дейт Шеркул ТУРГАНБАЕВ, Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз катчысы.

Белгилей кетсек, 2019-жылдан ушул күнгө чейин кыйноолорду алдын алуу борборуна кыйноо боюнча 152 учур катталган. Ал эми быйыл беш ай ичинде 45 арыз катталса, анын жетөөсү Жалал-Абад облусуна тиешелүү. Ал эми жыл башынан бери областта милиция кызматкерлеринин үстүнөн 3 кылмыш иши козголуп, үчөө тең соттун кароосуна жиберилген.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17