Аймак

АЙЫЛДЫКТАР ҮЧҮН АЖАЙЫП ЦЕХ

АЙЫЛДЫКТАР ҮЧҮН  АЖАЙЫП ЦЕХ

 2,199 Бардыгы /

Ала-Бука районунда Нуркыз Кожобекова деген ысым жакшы таанымал болуп калды. Ал өз дарамети, каражаты менен “Акбермет” тигүү цехин ачкан. Нуркыздын чеберчилик иши, жасап жаткан эмгеги, жердештерине гана эмес,жалпы областка, а түгүл республиканын аймагына тарап жаткан кези. Кыргыздын ишкер айымдарынын катарында өз ордун таап келе жаткан айым тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Куурчак үчүн кооз көйнөктөр

Нуркыздын апасы чебер аял. Үйүндө дегеле бош олтурчу эмес. Айылдаштарына көйнөк тигип берет. Анан курак төшөктөрдү көп жасачу. Апасынын тиккендери кайда кетип жатканын тестиер кыз билчү деле эмес. Болгону апасынын жанына олтуруп алып, чүпүрөктөрдүн кыркындыларын топтоп, куурчактарына тыпыйтып көйнөктөрдү тигип алчу. Апасы да жөн адам эмес да,кызынын бул кылыгын байкаса да, байкамаксанга салып, өз эркине койчу. Кездемелердин кыркындысын көбүрөөк кылып, колуна карматып турчу. Кээде куурчакты да жасап берет. Мунусу кызынын бул өнөргө болгон шыгын байкоо эле. Бир баштык толгон колдон жасалган куурчак, анын көйнөктөрү. Кичинекей кыз көчөгө чыгып, курбуларына өзү тиккен көйнөктөрдү көрсөтүп, мактана кетчү. Анан “мен чоңойгондо ушундай сонун көйнөктөрдү тигемин, силерге да тигип берем…-”-деп, балалык кыялдарын көп айтчу. Апасы болсо ошондо эле бул кичинекей кызынан чоң чебер чыгаарына көзү жеткен.

Чеберчиликтеги  кадамдар

Нуркыз алдына ушул гана максатты койду. Чебер болуш керек. Бирок, тим эле жерден чебер боло калуу да кыйын. Канчалык колу эптүү болуп турса да, чеберечиликтин сыры болот. Кийим тиксең аны бычуу керек. Ар бир адамдын өз өлчөмү болот. Аны туура ченеп албасаң, кездемени бузуп аласың.  Көз менен ченеп,кол менен канчалык мыкты жасайм десең да, анын эрежелерин билүү керек. Ал үчүн билим алуу зарылдыгын түшүнүп, Бишкек шаарына барып, атайын чеберчиликти үйрөнүп, окуп, билим алып келди. Эми билимдүү адис катары ишине киришти. Баягы балалык кездеги кыялдары ишке аша баштады. Бардык нерсе өз мезгилине, учуруна жараша тура. Ага буюртма бергендер заманбап кийимдерди тигип берүүсүн суранышат. Мында ал  атайын журналдарды колдонот.Соцтармактан издейт. Ар бир тиккен кийими ар башка болсо дейт. Бири-бирине окшоштургусу келбейт. Нуркыздын өзгөчөлүгү мына ушунда.

Кызга-септи кынактап жасайт

Апасы бир кезде айылдагы кыз бергендер үчүн  сеп дардап берчү. Ал учурдагы талап башка. Азыркылардын табити менен талабы да бөлөк. Кардарлар улам биринен бири ашырып, кооз кылып, ашемдетип жасаткылары келет. “Кээде түнү менен уктабай, сеп даярдаган учурлар болот. “Кардар капа болбосо, биз жасап берген буюмдан кемчилик таппаса”- деп, турам. Ошондуктан цехте иштеген кыз-келиндердин ар бир кыймылын көзөмөлдөп, буюмдун сапатына маани берем. Цехке иштегени келгендерди дароо эле тигүү машинасына олтургузбайм. Аларды аябай кылдат даярдайм. Керексиз кездемелерди колуна карматып,аны кайра-кайра бычтырып, же тиктирип көрөм. Менин сыныма толгондон кийин гана ишке кабыл алам. Антпесең, бүгүн эле келип,машинага олтуруп, анан кездемени керектен чыгаргандар, же тигүү машинанын бир жерин бузуп койгондор болгон бир кезде. Чеберчилик деле оңой иш эмес. Анын татаал сырлары бар. Сен тиккен буюм кимдир бирөөнүн ардактаган кийими болсо, же кимдир бирөөнүн жүк текчесинде жыйылып турса, кандай гана бакыт. Сапаттуу буюм ардакталып, сакталат да. Ошондуктан биз ар бир жасаган буюмдун сапатына өзгөчө маани беребиз…-дейт, Нуркыз айым.

 Эмне үчүн “Акбермет”?

“ Тигүү цехимди “Акбермет” деп, атаганымдын өзүнчө сыры бар. Бир жашар кызым Акбермет ойноп жүрүп эле чарчап калды. Эми буту басып, көзгө толуп, биздин кубанычыбыз, биздин бактыбыз болуп,чоңоюп келе жаткан. Ооруган деле жок. Эмне болду түшүнбөй деле калдык. Көзгө жакын болчу. Үйгө келгендер да аны өөп-жыттагылашып, эркелетип калышчу. Эч кимден тартынып, чоочуркабайт болчу. Кызың көзүгүп калды, көз тийди. Жаман көздөн обочо кармасаң болмок…”-дешти туугандарым. Өксүп ыйлап, кызымдан ажырап, кыйлага өзүмө келе албай жүрдүм. Көзү жылтырап турган баладан эч бир энени айырбасын…Анан жасап жаткан ишкерлигимди кеңейтейин, башты көтөрүп,элге кызмат кыла берейин” деген ниетте цехти ачууга кириштим. Эч ойлонбостон,    кызымдын элесин эстеп жүрөйүн деп,анын атына койдум…”-дейт, Нуркыз айым.

Арышы кенен цех болот

 Нуркыз жакшыны илип кеткенге, улам жаңыны жасаганга дилгир. Ал  Жалал-Абад бизнес ассоциациясынан көптү үйрөндү. Бул уюм өз жолун таба албай жаткан жаш ишкерлерди туура жолго салат эмеспи. Нуркыз дагы бул  уюм менен байланышып, окутууларына үзбөйкатышып олтуруп, көптү билип алды. Анан өзүнүн жанындагы кыз-келиндердин да тажрыйба үйрөнүп, билим алуусун талап кылды. Айрыкча анын цехине турмушунан кыйналгандар,жалгыз бойлор келишет. Буларга ар тараптан колдоо көрсөтүп, кем карчын бүтөгөнгө да дайыма даяр турат. Айылдагы келиндердин балдарын таштап, сыртка кетүүсүнө түп тамырынан каршы. Анткени, бала менен эне эч качан бөлүнбөсө дейт. Баланы жаштайынан тарбиялоо керек да. Энелик мээрим бербесе, тарбиясын айтпаса, бала эс тарткандан кийин,эч кимдин сөзүн укпай, өзүмчүл болуп калышы белгилүү да. Нуркыз ушундайга каршы. Ошондуктан  айылдагы келиндерди көбүрөөк ишке тартат. Алар цехке келип иштебесе да, үйүндө олтуруп да, бирдемелерди жасап, андан пайда тапсын дейт. Ошондуктан цехтин алдында атайын курс да ачып алды. Бул жерде өзү билгендерди үйрөтөт. Анан Жалал-Абад JIA уюмуна жөнөтүп турат. Ал жерде болсо окутуу дайыма жүрүп турат. Цехте азыр жыйырмадан ашуун кыз-келин туруктуу иштейт. Тапкан маяаналары орточо он миң сомдон ашат. Үйдө бекер олтурганча, өнөр үйрөнүп, анан үй-бүлөлүк киреше таап жатышпайбы. Алар кызга сеп жасашат. Булардын колунан чыккан сеп үчүн буюмдар башкалардыкына эч окшобойт. Өздөрүнө тиешелүү бренди бар. Анан жакынкы күндөн тартып спорт кийимдерин да тиге башташты. Эми алардын арышы кеңейип, “Акберметтен” чыккан кийимдер республиканын жети облусуна да таркап жатат. Сыртка да чыгарышууда. Россия, Каакстандан да туруктуу кардарларды таап жатышат. Демек, алардын бренди улам кеңири кулач жайууда.

Форумдан алган таасирлер

   Ушул жылдын башында Жалал-Абадда женил өнөр жайын, анын ичинде текстиль өндүрүшүн  өнүктүрүү багытында Жалал-Абад  бизнес ассоциациясы “Өнүгүүнүн аянты” аталышындагы чоң эл аралык форум өткөн. Республиканын жети областынан сырткары Россия, Казакстандан да ишкерлер келди. Ошондо жергебиздеги жеңил өнөр жайчылар, жеке ишкерлер өз продукцияларын көргөзмөгө коюшкан. Нуркыз да өз цехинде жасалган бардык буюмдарын алып келген эле. “Ошол күнү биздин буюмдар абдан жакшы сатылды. А түгүл жетпей калып, буюртма да бергендер болду. Бул форумга катышуу үчүн эле келип, канчалаган өнөктөштөрдү таап кеттик. Азыркы кырдаалга байланыштуу мындай иш чаралар токтоп калбадыбы. Эгер дагы өткөн болсо, биздин аброй дагы көтөрүлмөк. Себеби, форумдун таасиринен улам, биз көп жаңы нерселерди жарата баштаганбыз. Спорттук кийимдерибизге азыр деле кардар арбын. Азыркы максатым цехти кеңейтүү. Үч кабаттуу имарат салсам дейм. Ала-Бука райондук администрацияга жер тилкесин сурап кайрылдым. Алар тараптан колдоо болсо, атайын борбор түзсөм дейм. Үч кабаттуу имаратта тигүүцехинен сырткары да башка тейлөө кызматтарын киргизсем дейм. Сыртка агылып кетип жаткандарды токтотуп, үйүндө олтургандарды өзүбүзгө тартып, жаңы жумушчу орду менен камсыздагым келет. Борбордо чоң команда иштейт.  Районубуз өнүгөт, айыл элинин жашоо маданияты өсөт деген оюм бар”-дейт, элеттик ишкер айым Нуркыз Кожобекова.

Эске сала кетсек, Кыргызстан жеңил өнор жайынын өнүгүүсү боюнча шериктеш мамлекеттердин арасынан үчүнчү орунда баратат. Мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүнө бул тармактын кошкон салымы чон экенин талашсыз. 

Элиза АКЖОЛТОЕВА, журналист

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17