Аймак

КАРА-СУУДА 13 ЖАШАР БАЛА ЧАГЫЛГАН ТИЙИП КАЗА ТАПТЫ

КАРА-СУУДА 13 ЖАШАР БАЛА ЧАГЫЛГАН ТИЙИП КАЗА ТАПТЫ

 708 Бардыгы /

ОШ. Кара-Суу районунда 13 жашар балага чагылган тийип каза тапты. Муну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсык 21-июлда кечинде Сарай айыл аймагына караштуу Миялы айылында катталды.

– Кара-Суу метеостанциясынын билдирүүсү боюнча, кечки саат 18:45те күн күркүрөп, саат 21:40ка чейин уланган. Божомлого караганда, Ош облусунда көпчүлүк аймактарда жаан жаап күн күркүрөшү күтүлөт деп берилген, – деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17