Аймак

ТҮШТҮК АЙМАКТЫК ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР ХИРУРГИЯ ИЛИМИЙ БОРБОРУНУН ИМАРАТЫ ОҢДОЛУП БАШТАЛДЫ

ТҮШТҮК АЙМАКТЫК ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР ХИРУРГИЯ ИЛИМИЙ БОРБОРУНУН ИМАРАТЫ ОҢДОЛУП БАШТАЛДЫ

 2,694 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарындагыТүштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун экинчи жана үчүнчү кабатын оңдоп-түзөө иштери башталды. Оңдоп-түзөөгө муктаж болуп келген имараттын оңдоп-түзөөсүнө борбордун жамааты жылына 10дой кайрылуу жиберип келишкен. Бирок каражат бөлүнбөй, бүтпөгөн имаратта иштөөгө туура келген. Учурда республикалык бюджеттен 20 млн сом акча каражаты бөлүнүп, курулуш иши 25-августта аяктары пландалган. Эгер имарат бүтсө, 90 орунга ылайыкташкан реанимациялык жана интенсивдүү палаталар иштеп баштайт.

Кайрат ЭРГЕШОВ, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башкы дарыгери:

-Курулуш иши толук бүтпөгөн 3 кабаттуу имарат оорукана тибинде салынган Кадыржан Батыровго тиешелүү мүлк экен. Биз бул жерге 2015-жылы көчүп келгенбиз. 2017-2018-жылдары саламаттык сактоо министрлиги 4 млн сом, Жалал-Абад шаардык мэриясы 1,5 млн сом каражат бөлүп берип, ага кошумча мед кызматкерлер да марафон өткөрүп андан 2 млн сомдой жалпы 7,5 млн сом каражат топтоп имараттын 1-кабатын оңдоп түзөөдөн өткөргөнбүз. Негизи биздин бөлүм чачыранды болуп 4 бөлөк жерде иштейбиз алар, облустук кан борборунун имаратында, облустук биргелешкен оорукананын имаратында, “Бакыт” санаториясында жана түштүк аймактык жүрөк- кан тамыр илимий изилдөө борборунда. Иштин башталганына 1 жума боло элек, иш өз нугунда жүрүп жатат, бир ай нөөмөт берилген, курулушчулар 25-августка толугу менен ишти бүтүрөрүн айтышууда. Эгер имараттын 2-3 кабаты толук бүтүп калса, 90 орунга ылайыкташкан реанимациялык жана интенсивдүү палаталар иштеп баштайт.

Мындан сырткары борбордун ичинде толук бүтпөй калган дагы имараттар бар:ашкана, борбордун түштүк тарабында жайгашкан 3 кабаттуу чакан имарат ж.б. Ал эми бул курулуш иштерин толук бүтүшү үчүн жалпы 140млн сом керектелет.

Нурболот МИРЗАХМЕДОВ, Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү:

-Акча бөлүү жагы өкмөт тарабынан көтөрүлдү. Анткени күзүндө вирустун экинчи толкуну пайда болсо, анда биз ооруканаларда орундарды көбөйтөлү деген максат болду. Ага ылайык менин билишимче ар бир облуска 20 млн акча каражаты бөлүнүп берилди. Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун имараты талапка жооп бербегендиктен борбор төрт тарапка чачырап кеткен. Булкурулушишиаяктаса, “Бакыт” санаториясында жүрөк оорусу менен жаткан жарандардын баары ушул борборго жаткырылат. Ал эми 100 орундуу “Бакыт” санаториясы ковид-19 илдетикурчупкетсе, ошолорундуктардадарылоодонбашталат.

Туратбек КАЛЫЕВ, жумушчулардын бригадири:

-Курулушту “Талдуу-Булак” ЖЧКсы аткарып жатабыз. Жумушту 26-июлда баштап, 1 ай нөөмөт сураганбыз. Негизинен капиталдык оңдоп түзөө иштери экен. Учурда монтаждоо жана суу түтүктөрүн алмаштыруу иштерин жасап жатабыз. Алдыңкы күндөрү электрик жана сантехник адистер келип ишти улантат. Кийинки кадам дубалдарды шыбак, актоо-сырдоо иштери, айнек терезелерди алмаштырып, полун жаңылайбыз. Азыркы тапта 39 жумушчу эки нөөмөт менен иштеп жатабыз. Буйруса августтун 25терине бүтүрөбүз.

P.S:Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борбору дартты аныктоо жана дарылоочу түштүктөгү жалгыз борбор. Аталган борборго 2014-жылы Кадыржан Батыровдун мамлекеттештирилген 3 кабаттуу, толук бүтпөгөн имараты берилген. Борбордо учурда 170тей адам иштейт. Орто эсеп менен бул жайга бир жылда жүрөк оорусу менен 700дөй бейтап кайрылып, анын 500дөйүнө операция жасалат.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17