Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА БЮДЖЕТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АКЫ ТӨЛӨНБӨГӨН ЭМГЕК ӨРГҮҮГӨ ЖӨНӨТҮЛҮҮДӨ

ТҮРКМӨНСТАНДА БЮДЖЕТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АКЫ ТӨЛӨНБӨГӨН ЭМГЕК ӨРГҮҮГӨ ЖӨНӨТҮЛҮҮДӨ

 963 Бардыгы /

Түркмөнстандын Лебап облусунда мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин көбү үч айга акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады.

Бийлик бул кадамынын себебин ачыктаган жок. Эмгек өргүүгө жөнөтүлгөндөрдүн ордуна ким иштей турганы белгисиз.

Түркмөн бийлиги мындай кадамга коронавирус пандемиясынан улам экономикалык каатчылык күчөп жаткан маалда барды. Түркмөнстан азыркыга чейин расмий түрдө өлкөдө коронавирус жуктурган учур катталганын мойнуна ала элек.

«Мектептер жабылууда, сабактар онлайн режимде өтөт», – деди редакциянын кабарчысы.

Түркмөнстанда Интернет катуу чектелгенин эске алганда, онлайн сабактар кандай өтөрү беймаалым. Көпчүлүк окуучуларда ноутбук жана смартфондор да жок.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17