Аймак

Ала-Тоо аянтында сегиз партиянын лидерлери жана тарапкерлери катышкан митинг өтүүдө

Ала-Тоо аянтында сегиз партиянын лидерлери жана тарапкерлери катышкан митинг өтүүдө

 822 Бардыгы /

Алар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылып, ага бир күч менен катышарын билдирип жатышат.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду.

Чогулгандар алдында сүйлөп жатып “Бир Бол” партиясынан Алмамбет Шыкмаматов өлкө келечеги үчүн күрөштү улантууга чакырды:

“Шайлоо эмес, бандиттер менен уурулардын парламентти жана өкмөттү сатып алуусу болду. Ар бир аймакта шайлоо кандай ыплас өткөнүн көрдүңөр. Эгер бүгүн ушуга жол берип койсок, дагы беш-он жыл ушулардын эксплуатациясынын кутулбайбыз”.

Митингде шайлоо ыплас өткөнү, анын жыйынтыгын жокко чыгаруу жана жаңы шайлоо өткөрүү керектиги айтылып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан.

БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17