Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
652 Бардыгы / Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты 12-октябрда жарыялады. Маалыматка караганда, бул чечим Жогорку Кеңеш үч күндүн ичинде буга чейин өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндө маселени карабаганы менен байланыштуу. Маалыматта массалык башаламандыктардын натыйжасында күч колдонуу менен адам өмүрүнө жана ден соолугуна […]
653 Бардыгы / Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты 12-октябрда жарыялады. Маалыматка караганда, бул чечим Жогорку Кеңеш үч күндүн ичинде буга чейин өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндө маселени карабаганы менен байланыштуу. Маалыматта массалык башаламандыктардын натыйжасында күч колдонуу менен адам өмүрүнө жана ден соолугуна […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ БИШКЕК ШААРЫНА КАЙРА ӨЗГӨЧӨ АБАЛ КИРГИЗГЕНИ КАБАРЛАНДЫ
12.10.2020 / Автор aymak654 Бардыгы /
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты 12-октябрда жарыялады.
Маалыматка караганда, бул чечим Жогорку Кеңеш үч күндүн ичинде буга чейин өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндө маселени карабаганы менен байланыштуу.
Маалыматта массалык башаламандыктардын натыйжасында күч колдонуу менен адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаал сакталгандыгына байланыштуу, Конституциянын 15-беренесине, 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана «Өзгөчө абал жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 3, 4, 7, 8-беренелерине ылайык, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын, алардын коопсуздугун сактоо, коомдук-саясий кырдаалды тез арада турукташтыруу, башкалаада коомдук тартипти камсыз кылуу максатында президенттин жарлыгы чыкканы айтылат.
Ага ылайык, Бишкекте өзгөчө абал 12-октябрдан тартып 19-октябрга чейин кечки саат 20.00дөн баштап таңкы саат 07.00гө чейин болот. Бул аралыкта автоунаалардын, коомдук транспорттун, жөө адамдардын көчөдө жүрүшүнө тыюу салынат. Борбор калаа аймагында күндүз дагы митинг, жүрүш, пикет жана башка спорттук, маданий массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.
Өзгөчө абал киргизилген мезгилде ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.
Жарлык Жогорку Кеңешке жиберилген жана кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирүүгө тийиш.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков акыркы кырдаалга байланыштуу 10-октябрдан 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын негизинде комендатура түзүлгөн. Аны ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жетектей баштаган. Коменданттык саат 21:00дөн 05:00гө чейин болоору айтылып, Бишкектин ичинде жана четинде 15 блокпост орнотулган.
4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө саясий кризис өкүм сүрүүдө. 5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон.
6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан. 10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган. Бирок парламенттеги айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.
Президент Жээнбеков ишин «Ала-Арча» резиденциясында улантып жатканы кабарланды.
WWW
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙ МЕНЕН ЧЕКТЕШКЕН ЧЕК АРАДА ӨТКӨРҮҮ БЕКЕТТЕРИ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна БАЗАР-КОРГОН ШААРЫНЫН МЭРИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ТЕКШЕРДИ
-
28.05.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ ЧЕК АРАНЫ КОРГООДО КУРМАН БОЛГОН ЖООКЕРЛЕРДИН ЭСТЕЛИГИН АЧТЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.