Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,750 Бардыгы / Акыркы коомдук-саясий кырдаалдардан улам, 10-октябрга карата Кыргызстандын экономикасы сегиз млрд. сом же 104 млн. доллар зыян тартты. Бул тууралуу Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы (НАБА) тараткан кайрылууда жазылган. Анда: «Ансыз да пандемия шартында экономикасы жабыркаган Кыргызстанда январь-август ичинде мунай тазалоо өндүрүшү төрт млрд. сомдон 841 млн. сомго чейин төмөндөп кеткен. Текстил, тигүү өнөр жайы 5,3 […]
1,751 Бардыгы / Акыркы коомдук-саясий кырдаалдардан улам, 10-октябрга карата Кыргызстандын экономикасы сегиз млрд. сом же 104 млн. доллар зыян тартты. Бул тууралуу Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы (НАБА) тараткан кайрылууда жазылган. Анда: «Ансыз да пандемия шартында экономикасы жабыркаган Кыргызстанда январь-август ичинде мунай тазалоо өндүрүшү төрт млрд. сомдон 841 млн. сомго чейин төмөндөп кеткен. Текстил, тигүү өнөр жайы 5,3 […]
СОҢКУ КЫРДААЛДАН УЛАМ ӨЛКӨ ЭКОНОМИКАСЫ СЕГИЗ МЛРД. СОМ ЗЫЯН ТАРТТЫ
12.10.2020 / Автор aymak1,752 Бардыгы /
Акыркы коомдук-саясий кырдаалдардан улам, 10-октябрга карата Кыргызстандын экономикасы сегиз млрд. сом же 104 млн. доллар зыян тартты. Бул тууралуу Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы (НАБА) тараткан кайрылууда жазылган.
Анда: «Ансыз да пандемия шартында экономикасы жабыркаган Кыргызстанда январь-август ичинде мунай тазалоо өндүрүшү төрт млрд. сомдон 841 млн. сомго чейин төмөндөп кеткен. Текстил, тигүү өнөр жайы 5,3 млрд. сомдон 3,8 млрд. сомго чейин, кен иштетүү 467 млн. сомдон 402 млн. сомго азайган. Ал эми жашылча-жемиштерди сыртка экспорттоонун көлөмү 731 миң доллардан 167 миң долларга чейин төмөндөгөн.
Инвестиция былтыркы сегиз айга салыштырмалуу 9,2% төмөндөсө, тышкы инвестициянын көлөмү быйылкы тогуз айда 27 % кемиген. Мамлекеттик бюджетке түшүүчү киреше былтыркыга салыштырмалуу 8 080,4 млн. сомго азайган. Натыйжада август айында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 76 904,9 млн. сомду түзүп, ички дүң өнүмдүн 27,3% гана түзгөн. Туризм тармагы быйыл пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам жарым-жартылай да иштеген жок», деп жазылган.
Кайрылуу ээлери пандемияда жабыркаган ишкер чөйрө 5-октябрда башталган башаламандык учурунда да зыян тартып жатканын белгилешет. Алар башаламандык башталган күндөн бери Кара-Кече, Жамгыр, Кичи-Чаарат, Иштамберди, Бозымчак, Жерүй кендеринде иш токтоп калганын эскертишүүдө.
«Эң көп зыян түздөн-түз коомдук тамактануучу жайларды иштеткен ишкерлерге тийип жатат. Күн сайын коркунучтуу кырдаал, талап-тоноо, рейдерлик баскынчылык ишкерлердин жүрөгүн алып бүттү. Кылмыш топтору, талоончулар күч алды. Инвесторлорду жана ишкерлерди коргоочу механизмдер алигүнчө жок. Мындан эң ириде өзүбүздүн жарандар ишсиз калуу коркунучу турат», деп жазылган кайрылууда.
Маалыматта жазылгандай, 5-октябрдан берки башаламандыктардын натыйжасында сырттан келүүчү 210 млн. долларлык бизнес-келишим, 20дан ашуун келишимдер жокко чыккан. Миллиарддаган сомдук чыгашаларга алып келүүчү саясий туруксуздук өлкөдө жумушсуздуктун күч алып, мамлекеттик бюджеттин толбой калышына, бул өз кезегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык абаланын начарлашына алып келерин белгилеген НАБА бардык саясий тараптарды тынч сүйлөшүүгө отуруп, мыйзам жолуна түшүүгө чакырган. Ал эми президенттен Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абалдын шарттарын жумшартуу маселесин кароону, ишканалардын кызматкерлерине, жүк ташыган автоунаалардын иштешине мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнгөн.
Ишкерлердин кайрылуусунда «туруктуулук орногондон кийин да менчик талашуунун, басып алуунун алдын алуу чаралары иштелип чыгышы зарыл. Бул кырдаалдардан кийин Кыргызстанды оор экономикалык жыл күтүп турат. Бизнес-коомчулукка пандемиянын жана башаламандыктын кесепетин азайтууга көмөктөшүү зарыл, ишкерлерди консультациялык-координациялык кеңештерге кошуп, бизнес-коомчулуктун да пикири эске алынсын» деген талаптар жазылган.
WWW
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙ МЕНЕН ЧЕКТЕШКЕН ЧЕК АРАДА ӨТКӨРҮҮ БЕКЕТТЕРИ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна БАЗАР-КОРГОН ШААРЫНЫН МЭРИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ТЕКШЕРДИ
-
28.05.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ ЧЕК АРАНЫ КОРГООДО КУРМАН БОЛГОН ЖООКЕРЛЕРДИН ЭСТЕЛИГИН АЧТЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.