Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
664 Бардыгы / Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 11-октябрда өткөн президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктарын жарыялады. БШКнын маалыматына караганда, шайлоого 4 миллион 238 миң 839 жаран (жалпы шайлоочулардын 85,44%) катышып, алардын 3 миллион 853 миң 987си (90,92%) өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмонго добуш беришкен. Бул шайлоого 68 жаштагы Рахмондон тышкары бийликчил партиялардан чыккан, коомчулукка көп […]
665 Бардыгы / Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 11-октябрда өткөн президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктарын жарыялады. БШКнын маалыматына караганда, шайлоого 4 миллион 238 миң 839 жаран (жалпы шайлоочулардын 85,44%) катышып, алардын 3 миллион 853 миң 987си (90,92%) өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмонго добуш беришкен. Бул шайлоого 68 жаштагы Рахмондон тышкары бийликчил партиялардан чыккан, коомчулукка көп […]
ТАЖИКСТАНДЫН БШКСЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУН АКЫРКЫ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЖАРЫЯЛАДЫ
15.10.2020 / Автор orozalieva666 Бардыгы /
Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 11-октябрда өткөн президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктарын жарыялады.
БШКнын маалыматына караганда, шайлоого 4 миллион 238 миң 839 жаран (жалпы шайлоочулардын 85,44%) катышып, алардын 3 миллион 853 миң 987си (90,92%) өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмонго добуш беришкен.
Бул шайлоого 68 жаштагы Рахмондон тышкары бийликчил партиялардан чыккан, коомчулукка көп деле белгисиз төрт талапкер – Коммунисттик партиядан Абдуллоев Миродж, Социалисттик партиядан Гаффорзода Абдухалим, Агрардык партиядан Латифзода Рустам, Экономикалык реформа партиясынан Рахматзода Рустам катышкан. Расмий маалымат боюнча алар шайлоочулардын 1-3% добушун алышты.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар тобу Тажикстандагы президенттик шайлоо «жогорку уюшкандыкта, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык» өткөнүн билдирген.
ЕККУнун миссиясы шайлоо боюнча өз билдирүүсүн жакынкы бир жарым айда жарыялайт деп күтүлүүдө.
Өздөрүн өлкө ичиндеги жападан жалгыз оппозиция катары тааныштырган Тажикстандын социал-демократиялык партиясы бул шайлоого бойкот жарыялаган. Партиянын лидери Рахматулло Зоиров добуш берүүнүн зарылчылыгы жок экенин, эл кимди шайласа да БШК өзү камдап койгон сандарды гана жарыялай турганын айткан.
Тажикстандын улуттук альянсынын жетекчиси Мухиддин Кабири уюм буга чейин эле президенттик шайлоону мыйзамсыз деп атаганын билдирди. «Боршайком жарыялаган шайлоонун жыйынтыктары анын мыйзамсыз гана эмес, демократияга ылайык эмес болгонун далилдеди», — деди Кабири.
Оппозициялык «Группа 24» кыймылы да 11-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныган жок. Бул тууралуу кыймылдын лидери Сухроб Зафар «Озоди» радиосуна берген интервьюсунда билдирди.
Эмомали Рахмон 1994-жылдан бери өткөн шайлоолордун баарында жеңишке жеткен. 2016-жылы 4-февралда Тажикстандын Жогорку соту Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү мыйзамдуу деп тапкан. Ага ылайык, президент Эмомали Рахмон шайлоого чектөөсүз катышууга укук алган.
WWW
Автор orozalieva
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
21.05.2026 / Автор anarkan_kg МАРКУМ ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВГО “ЭЛ БААТЫРЫ” ЭҢ ЖОГОРКУ ДАРАЖАСЫ ЫЙГАРЫЛДЫ
-
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg МЭР КҮЗ, КЫШ МЕЗГИЛИНЕ КАРАТА ДАЯРДЫК БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.