Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
706 Бардыгы / Душанбеде «Комил-2010» курулуш компаниясынын үлүшчүлөрү жети жылдан бери мамлекеттик каттоого алынбаган көп кабатуу үйлөрдө жашап жатышканын билдиришүүдө. 14 кабаттуу алты үйдүн курулушу 2013-жылы аяктаганы менен азыркыга чейин мамлекеттик комиссиянын кабыл алуу актысына кол коюлбай, мамлекеттик каттоого алына элек. «Ыңгайсыздыктар өтө көп. Балдар аянтчасы жок, жертөлөсү дайыма ным болуп турат. Курулуш компаниясы подъездердин, батирлердин […]
707 Бардыгы / Душанбеде «Комил-2010» курулуш компаниясынын үлүшчүлөрү жети жылдан бери мамлекеттик каттоого алынбаган көп кабатуу үйлөрдө жашап жатышканын билдиришүүдө. 14 кабаттуу алты үйдүн курулушу 2013-жылы аяктаганы менен азыркыга чейин мамлекеттик комиссиянын кабыл алуу актысына кол коюлбай, мамлекеттик каттоого алына элек. «Ыңгайсыздыктар өтө көп. Балдар аянтчасы жок, жертөлөсү дайыма ным болуп турат. Курулуш компаниясы подъездердин, батирлердин […]
ДУШАНБЕДЕ ТУРГУНДАР «АВАРИЯЛЫК ҮЙЛӨРДӨ» ЖАШООГО АРГАСЫЗ БОЛУШУУДА
15.10.2020 / Автор aymak708 Бардыгы /
Душанбеде «Комил-2010» курулуш компаниясынын үлүшчүлөрү жети жылдан бери мамлекеттик каттоого алынбаган көп кабатуу үйлөрдө жашап жатышканын билдиришүүдө.
14 кабаттуу алты үйдүн курулушу 2013-жылы аяктаганы менен азыркыга чейин мамлекеттик комиссиянын кабыл алуу актысына кол коюлбай, мамлекеттик каттоого алына элек.
«Ыңгайсыздыктар өтө көп. Балдар аянтчасы жок, жертөлөсү дайыма ным болуп турат. Курулуш компаниясы подъездердин, батирлердин ичин аягына чейин жасаган эмес. Ушул себептерден улам комиссия кабыл алуу актысына кол койгон эмес деп айтылууда. Тургундар мэрияга бир нече жолу кайрылышкан, бирок натыйжа болгон жок», — деди Нигина Шарифова аттуу тургандардын бири.
Анын айтымында, үйлөр мамлекеттик каттоого алынбагандыктан, алардын расмий даректери жок. «Жашаган жерибиз тууралуу маалымкат алууда, такси же тез жардам кызматын чакырууда өтө кыйналабыз. Мындан тышкары айрым жерлери бузула да баштады. Кээ бир үйлөрдүн жертөлөсүнө суу толуп калды, коммуналдык кызматтардын баткак аралаш сууну сордуруп алуу ою жок. Бирок ай сайын сууга, таштандыга деп акча чогултуп кетишет», — деп кошумчалады ал.
Калаа башчынын орун басары Махмадсаид Зувайдзоданын айтымында, шаардын Зарафшон районунда курулган көп кабаттуу алты үйдүн баарында курулуш эрежелери сакталбаганы аныкталган. «Мамлекеттик комиссия кабыл алуу актысына кол койгон эмес. Курулуш компаниясы эреже бузуулардын баарын тез арада жоюуга милдеттендирилген», — деди ал.
Тургундар бул маселе боюнча «Комил-2010» компаниясына кайрылышканын, бирок эч кандай майнап чыкпаганын билдиришүүдө.
Расмий документтерге ылайык, «Комил-2010» компаниясы Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Байланыш кызматынын башчысы Бег Сабурдун уулу Зухуров Сиёвушга таандык. Компания 10 жыл мурда «кум жана шагыл өндүрүү, ошондой курулуш иштерин аткаруу» үчүн түзүлгөн.
Жыл башында өлкөнүн Архитектура жана курулуш комитети «Комил-2010» Душанбеде жана Кулябда көп кабаттуу үйлөрдү курууда мыйзам бузганын билдирген. «Курулуш иштери мамлекеттик экспертизадан өткөрүлбөй туруп башталган. Мындан тышкары долбоордо каралбаган кошумча кабаттар курулган», — деп билдирген мекеме өкүлү. Ал комитет бул боюнча Башкы прокуратурага расмий кат менен кайрылганын, компанияга мүчүлүштүктөр жоюлбаса лицензиясынан ажыратылары эскертилгенин кошумчалаган.
WWW
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
21.05.2026 / Автор anarkan_kg МАРКУМ ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВГО “ЭЛ БААТЫРЫ” ЭҢ ЖОГОРКУ ДАРАЖАСЫ ЫЙГАРЫЛДЫ
-
-
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖКККББнын БЕШ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУ БОЮНЧА ЫКЧАМ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
23.07.2025 / Автор anarkan_kg БИР ЖУМА ИЧИНДЕ ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА 318 МАС АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.