Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
655 Бардыгы / Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармоону «театрлашкан шоу» деп мүнөздөдү. Мындай пикирин ал 27-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты: «Биздеги «коррупция жана криминалитет менен күрөшүп жатабыз» деген иш-чаралардын баары эле театрлашкан шоуга айланып калды. Мисалы, коррупция багытында Райымбек Матраимов жөнүндө көп сөз […]
656 Бардыгы / Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармоону «театрлашкан шоу» деп мүнөздөдү. Мындай пикирин ал 27-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты: «Биздеги «коррупция жана криминалитет менен күрөшүп жатабыз» деген иш-чаралардын баары эле театрлашкан шоуга айланып калды. Мисалы, коррупция багытында Райымбек Матраимов жөнүндө көп сөз […]
ГЕНЕРАЛ ДҮЙШӨБАЕВ МАТРАИМОВДУ КАРМООНУ «ТЕАТРЛАШКАН ШОУ» КАТАРЫ БААЛАДЫ
27.10.2020 / Автор orozalieva657 Бардыгы /
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармоону «театрлашкан шоу» деп мүнөздөдү. Мындай пикирин ал 27-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты:
«Биздеги «коррупция жана криминалитет менен күрөшүп жатабыз» деген иш-чаралардын баары эле театрлашкан шоуга айланып калды. Мисалы, коррупция багытында Райымбек Матраимов жөнүндө көп сөз болду эле – 700 миллион доллардын чыгарылып кетиши тууралуу «Азаттык» жүргүзгөн иликтөө, эл аралык жүк ташуудагы ар кандай иштер жана соода тармагындагы көмүскө схема жөнүндө. Жакында эле көрдүңөр, аны кармап, сурактан кийин чыгарышты. Ошол жерден «Матраимов күнөөлүү экен, анын кылмыш ишинен мамлекетке эки миллиард сом зыян келиптир, 80 миллионун төлөй баштады» дешти. Матраимовго буга чейин бир да кылмыш иши козголбосо, анда каяктан жүрүп анын күнөөсү такталды? Ким тактады? Кантип тактады? Элге чыгарышпайбы, ошону. Бүгүнкү күндө Матраимов күнөөлүү деген айып коюла элек да».
Ошону менен катар Дүйшөбаев президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Матраимов тууралуу айтканын сындап, өлкө жетекчиси катары ал анын бөгөт чарасын аныктоого кийлигишүүгө укугу жок болгонун белгиледи:
«Ал киши, эмне, прокурорбу? Сотпу? Тергөөчүбү? Конституцияда анын андай ыйгарым укугу жок да. Укуктук негизге бул канчалык жатат?».
22-октябрда Жапаров Матраимовду камап коюу менен маселе чечилбей турганын айтып, ал тергөө менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, дароо 80 миллион сом төккөнүн, дагы эки миллиардды октябрдын аягына чейин төгүп бере турган милдеттенме алып, үй камагына чыгарылганын белгилеген.
Ал «… биз ушундай чечимге бардык. Үй камагында болот. Мен туура чечим деп ойлойм» деп айткан.
УКМК Дүйшөбаевдин айткандары чындыкка дал келбесин жана эч кандай негизи жок экенин белгилеп, “УКМК коррупцияга жана криминалга каршы активдүү күрөшүүдө. Бардык иш-чаралар мыйзам чегинде уюштурулуп жатат. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу, келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана криминалдык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча тийиштүү иштер жасалууда” деп билдирди.
Атайын Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.
Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип, бошоткон.
Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий берген эмес.
Кеңешбек Дүйшөбаев басма сөз жыйынын коопсуздук кеңешинин катчысынын кызматынан бошотулгандан кийин өткөрдү. Аны Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетер алдында 15-октябрда дайындаган болчу. Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылы Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы, ага чейинки жылдарда ички иштер министри, биринчи-вице-премьер министр болуп иштеген.
WWW
Автор orozalieva
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.