Аймак

ПРЕЗИДЕНТТИН БАСМА СӨЗ КАТЧЫСЫ МЕДИА УЮМДАРДЫН КАЙРЫЛУУСУНА ЖООП БЕРДИ

ПРЕЗИДЕНТТИН БАСМА СӨЗ КАТЧЫСЫ МЕДИА УЮМДАРДЫН КАЙРЫЛУУСУНА ЖООП БЕРДИ

 600 Бардыгы /

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек 10-ноябрда медиа уюмдардын билдирүүсүнө жооп кайтарып, президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров сөз эркиндигин кысымга алууну туура көрбөй турганын белгиледи жана ал жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) керек же кереги жок деп бөлбөй турганын айтты:

«Садыр Жапаров эркин басма сөздү демократиялык мамлекеттин ажырагыс бөлүгү жана анын социалдык-экономикалык өнүгүү факторлорунун бири деп эсептейт. Ошондуктан айрым медиа уюмдардын кооптонуусу негизсиз. Президенттин милдетин аткаруучу бир гана нерсеге – сөз эркиндиги менен катар жоопкерчиликтин да болушуна чакырат. ЖМК бардык темаларды бейтарап чагылдырып, маалыматты коомчулукка объективдүү жеткирип турууга милдеттүү».

Галина Байтерек 12-ноябрда Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрөрүн, анда ал коомчулуктагы актуалдуу суроолордун баарына жооп берерин кошумчалады.

Кыргызстандагы бир катар медиа уюмдар Жапаровдун ЖМК жана журналисттердин дарегине айткан сөзүнө байланыштуу тынчсыздануу билдирип, 10-ноябрда кайрылуу жолдошкон жана анын айткандары «журналисттерге карата терс пикир калыптандырып, Кыргызстандагы сөз эркиндигине коркунуч жаратып жатканын» белгилешкен.

Кайрылууга Кыргызстандагы ондон ашык медиауюм, жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттер кол коюшкан. Кол койгондор анда президенттин милдетин аткаруучу Жапаровду «демократиялык коомдогу көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролун ачык таанууга жана ырастоого», каралоодон карманууга чакырган.

Ушундай эле мазмундагы кайрылуу 9-ноябрда «Жарандык көзөмөл комитети» уюмунун атынан жарыяланып, анда Жапаровдун билдирүүсү боюнча «өзгөчө тынчсыздануу» айтылган:

«Комитет Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттарын «туура» же «туура эмес» деп жиктеп бөлгөн сөздөрүнө абдан кабатыр. Кыргыз Республикасында ким болбосун сөз эркиндигинен пайдаланууга тең укуктуу. Бул – Кыргызстандын эркин элинин бирден-бир жеңиштеринен. Садыр Жапаров өзү эч кандай чектелбеген сөз эркиндигинен пайдаланып келет жана эгерде ал «Азаттык» радиосу анын айткандарын «бурмалап жатат» деп эсептесе, каалаган ЖМК аркылуу өз иш-аракеттерин чечмелеп-түшүндүрүү боюнча толук мүмкүнчүлүктөргө ээ».

3-ноябрда Жапаров «Region» телеканалындагы маегинде «Азаттык» радиосу тууралуу: «Бир сааттыгын уктум. Абдан катуу сындап, менин сөздөрүмдүн баарын эптеп-септеп бир жеринен бурмалап алып башкача ойдо элге жеткирип жатат. Бул, албетте, туура эмес. Мурда эки тараптуу кылып берчү. Акыркы бир айдан бери тынбай эле менин ар бир сөзүмдү бурмалап жатышат», – деген. Ошону менен катар Жапаров мыйзамды жана Конституцияны бузбай иштеп жатканын белгилеген. Бирок кайсы фактылар кантип бурмаланып атканына, кайсы материалды бир тараптуу деп эсептей турганына конкреттүү далил кетирген эмес.

Анын бул билдирүүсү социалдык түйүндөрдө тарап, «Азаттык» радиосунун дарегине коркутуп-үркүтүү күчөгөн.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17