Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
742 Бардыгы / Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президенттикке талапкер болууну көздөп жаткан саясатчы Садык Шер Нияз Баш мыйзамдын жаңы жарыяланган долбоору кабыл алынса «өлкөдө толугу менен авторитардык президенттин диктатурасы орнойт» деп эсептейт. «Конституциянын бул долбоору Кыргызстанды 20-30 жыл артка алып барып таштайт. Себеби, анда президенттин диктатурасы, бийликте бири-бирине жолтоо болгон түзүмдөр жазылыптыр. Маселен, Жогорку Кеңешти эл […]
743 Бардыгы / Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президенттикке талапкер болууну көздөп жаткан саясатчы Садык Шер Нияз Баш мыйзамдын жаңы жарыяланган долбоору кабыл алынса «өлкөдө толугу менен авторитардык президенттин диктатурасы орнойт» деп эсептейт. «Конституциянын бул долбоору Кыргызстанды 20-30 жыл артка алып барып таштайт. Себеби, анда президенттин диктатурасы, бийликте бири-бирине жолтоо болгон түзүмдөр жазылыптыр. Маселен, Жогорку Кеңешти эл […]
САДЫК ШЕР НИЯЗ: БАШ МЫЙЗАМДЫН ЖАҢЫ ДОЛБООРУ ПРЕЗИДЕНТТИК ДИКТАТУРАНЫ ОРНОТОТ
18.11.2020 / Автор orozalieva

744 Бардыгы /
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президенттикке талапкер болууну көздөп жаткан саясатчы Садык Шер Нияз Баш мыйзамдын жаңы жарыяланган долбоору кабыл алынса «өлкөдө толугу менен авторитардык президенттин диктатурасы орнойт» деп эсептейт.
«Конституциянын бул долбоору Кыргызстанды 20-30 жыл артка алып барып таштайт. Себеби, анда президенттин диктатурасы, бийликте бири-бирине жолтоо болгон түзүмдөр жазылыптыр. Маселен, Жогорку Кеңешти эл шайласа, анын үстүнөн эмнеге Элдик Курултай деген бир орган карашы керек? Элдик Курултай кандай система, кайсы принцип менен жыйналат? Эгерде ага Жогорку Кеңеш отчёт бере турган болсо, отчёту жакпай калса эмне болот?
Мыйзам чыгаруучу органдын үстүнөн дагы бир көзөмөлдү орнотуу – тоталитаризм менен диктатуранын жолу болуп калат. Президент бардык бийлик бутагын өз башкаруусуна алат деген сөз. Толук президенттик диктатура орноп, бир адам бардык бийликке үстөмдүк кылат деген сөз. Сот боюнча эч нерсе жок, соттор ушул эле бойдон иштесе, анда Кыргызстанда таптакыр акыйкат болбойт. Демек, бизде президент сот да болот, мыйзам чыгаруу бийлигине да үстөмдүк кылат, бардык тараптан бийликти алат. Бул долбоор Түркмөнстандын Баш мыйзамынан ашып түштү», – деди Садык Шер Нияз видео кайрылуусунда.
Садык Шер, ошондой эле: «Көптөгөн депутаттарга Конституциянын долбоорун көрсөтпөй эле «кол кой» деген сунуштар түшүп жатыптыр» деген сөздөргө ишендим», – деди.
17-ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши өлкө Конституциясынын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда көрсөтүлгөнгө караганда, Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон.
Жаңы долбоорго президенттин кеңейтилген укуктары, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт. Президент мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылга шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык эмес. Ал ошондой эле өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт. Өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.
Жогорку Кеңештин тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизилет. Ага ылайык беш жылдык мөөнөт менен 90 депутатты шайлоо сунушу киргизилген. Мында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.
Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланары менен социалдык тармактарда кызуу талкуу башталып, айрымдар бул долбоорду бийликти «бир колго топтоо» далалаты катары сындап жатышат.
WWW
Автор orozalieva
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
23.12.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫНЫН ОТУ ЖАНДЫРЫЛДЫ
-
10.01.2025 / Автор anarkan_kg ТУРАК ЖАЙДЫ ӨРТТӨН САКТАГЫЛА
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.