Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,121 Бардыгы / Ноокат районуна адаттагыдай тыштан – борбор калаадан аким-десант дайындалган жок. Аймактагы Кыргыз-Ата Айыл Өкмөтүн дээрлик сегиз жыл бою абийирдүү гана башкарып, республикабыздагы эң алдыңкы Айыл Өкмөтүнө айландырган Бакытбек МАРИПОВ район акимчилигинин башчылыгына – акимдикке акыры бекилди. Муну жергиликтүү серепчилер өрөөндү ыкчам жана туруктуу өнүктүрүүгө карай келечектүү кадам сыңары сыпаттап жатышат. 32 жаштагы […]
1,122 Бардыгы / Ноокат районуна адаттагыдай тыштан – борбор калаадан аким-десант дайындалган жок. Аймактагы Кыргыз-Ата Айыл Өкмөтүн дээрлик сегиз жыл бою абийирдүү гана башкарып, республикабыздагы эң алдыңкы Айыл Өкмөтүнө айландырган Бакытбек МАРИПОВ район акимчилигинин башчылыгына – акимдикке акыры бекилди. Муну жергиликтүү серепчилер өрөөндү ыкчам жана туруктуу өнүктүрүүгө карай келечектүү кадам сыңары сыпаттап жатышат. 32 жаштагы […]
МАКТАНГАНДЫ БИЛБЕГЕН БАКЫТБЕК МАРИПОВ НООКАТТЫ ЭМИ ӨРГӨ ЖЕТЕЛЕЙТ
26.11.2020 / Автор orozalieva1,123 Бардыгы /
Ноокат районуна адаттагыдай тыштан – борбор калаадан аким-десант дайындалган жок. Аймактагы Кыргыз-Ата Айыл Өкмөтүн дээрлик сегиз жыл бою абийирдүү гана башкарып, республикабыздагы эң алдыңкы Айыл Өкмөтүнө айландырган Бакытбек МАРИПОВ район акимчилигинин башчылыгына – акимдикке акыры бекилди. Муну жергиликтүү серепчилер өрөөндү ыкчам жана туруктуу өнүктүрүүгө карай келечектүү кадам сыңары сыпаттап жатышат.
32 жаштагы Бакытбек Марипов кыска аралыкта ОшТУнун экономика жана башкаруу, Ош мамлекеттик юридика институтунун сот-прокурор, Кыргыз-Орус Славян Университетинин Мамлекеттик жана Муниципалдык башкаруу адистиктерине ээ болууга үлгүргөн. Арасында Ноокат районундагы “Кызыл Кетмен” дыйкан чарбасын түптөп, жетектеген. Анан Жогорку Кеңеш депутатынын кеңешчиси кызматын дагы татыктуу аркалаган. 2013-жылдан тартып Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата Айыл Өкмөтүн үзгүлтүксүз жана ийгиликтүү башкарган.
Өткөн кылымдын 1950-жылдарында курулуп, кийинчерээк токтотулган Кыргыз-Атадагы чакан ГЭС Бакытбек МАРИПОВдун демилгеси аркасында кайрадан курулуп, ушул тапта беш агрегаты тең туруктуу пайдалануга тапшырылды. Бул чакан ишкана жыл сайын 30 миллион КилоВат электр энергиясын иштеп чыгарууда. Мындан тышкары жергиликтүү бюджет каржылап, Кыргыз-Ата Айыл Өкмөтүндөгү алты жаңы конушка заманбап трансформаторлор орнотулуп, зарыккандарды электр энергиясы менен дагыле үзгүлтүксүз камсыздап келатат. Буга улай Дүйнөлүк Банктын 250 миллион сом каржылоосу аркасында Кыргыз-Ата, Ак-Булак, Көтөрмө жана Борпо айылдарына ичилүүчү таза суу дагы жеткирилди. Көтөрмө, Кыргыз-Ата, Кара-Кой кыштактарын тынымсыз байланыштырган 4,5 чакырым жолго кадимкидей асфальт дагы төшөлдү. Кыскасы, 3175 кожолук, а тагыраагы 22 миң калк таза суу ичип, оңуп эле калышты.
Кыргыз-Ата Айыл Өкмөтүндө дээрлик коррупция тыйылды. Ишеним телефондору жана электрондук почталар күнү-түнү калк кызматында. Бирдиктүү Терезе ачылып, жетекчилердин кынтыксыз жана таза иштөөсүнө заманбап ыңгай жаратылды. Финка жана РСК Банктарынын терминалдары уюштурулуп, элет эли акча которуу, пенсия, пособие жана маяна көйгөйлөрүнөн дээрлик опоңой гана кутулушту.
Жыйынтыктап айтканда, Бакытбек МАРИПОВ Кыргыз-Ата Айыл Өкмөтүн жетектеп турганда, алты мечит пайдаланууга тапшырылды. Жергиликтүү бюджет эсебинен Улуу Ата Мекендик согуштун, Ооган согушунун жана Баткен коогалаңынын катышуучуларына эстелик тургузулду. Муниципалдык “Тазалык” ишканасы уюшулуп, өрөөндү пакиза кармаганга катуу далалат кылынып келатат. Эгерде республикабыздагы эң жаш аким Бакытбек МАРИПОВ дал ушундай мыкты саамалыктарын бүтүндөй Ноокат жергесинде мындан ары дагы ырааттуу улантса, жердештеринин сообуна гана калып, алкышына арзый тургандыгы бышык…
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор orozalieva
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ТУБАСА ЖАНА ТУУНДУ СЫН АТООЧТОР
-
-
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg “БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ НАТЫЙЖАЛУУ МЕНЕДЖМЕНТ” АТТУУ СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg АЛИШЕР УСМАНОВ ГЕРМАНИЯДА АРАМ АКЧАНЫ АДАЛДООГО АЙЫПТАЛУУДА
-
11.05.2023 / Автор anarkan_kg БЫЙЛ VII ЭЛ АРАЛЫК ЭПОСТОР ФЕСТИВАЛЫ ОШ ШААРЫНДА ӨТКӨРҮЛӨТ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.