Өлкө аймактары менен кубаттуу
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
778 Бардыгы / Конституцияны реформалоо тууралуу мыйзам долбооруна каршылык билдирген Бишкектеги митинг. 29-ноябрь, 2020-жыл. Бишкек шаарында 29-ноябрда жүздөгөн активисттер Конституцияны реформалоо тууралуу мыйзам долбооруна каршылык билдирген экинчи нааразылык акциясына чыгышты. «Референдумга жол жок!» деп аталган акциянын катышуучулары темир жол бекетинин жанына чогулуп, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы ураан-чакырыктарды айтышты. Алар колдоруна Конституцияны өзгөртүүгө каршы түрдүү транспаранттарды кармап […]
779 Бардыгы / Конституцияны реформалоо тууралуу мыйзам долбооруна каршылык билдирген Бишкектеги митинг. 29-ноябрь, 2020-жыл. Бишкек шаарында 29-ноябрда жүздөгөн активисттер Конституцияны реформалоо тууралуу мыйзам долбооруна каршылык билдирген экинчи нааразылык акциясына чыгышты. «Референдумга жол жок!» деп аталган акциянын катышуучулары темир жол бекетинин жанына чогулуп, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы ураан-чакырыктарды айтышты. Алар колдоруна Конституцияны өзгөртүүгө каршы түрдүү транспаранттарды кармап […]
АКТИВИСТТЕР КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТҮҮГӨ КАРШЫ КАЙРАДАН МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ
30.11.2020 / Автор orozalieva780 Бардыгы /
Конституцияны реформалоо тууралуу мыйзам долбооруна каршылык билдирген Бишкектеги митинг. 29-ноябрь, 2020-жыл.
Бишкек шаарында 29-ноябрда жүздөгөн активисттер Конституцияны реформалоо тууралуу мыйзам долбооруна каршылык билдирген экинчи нааразылык акциясына чыгышты.
«Референдумга жол жок!» деп аталган акциянын катышуучулары темир жол бекетинин жанына чогулуп, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы ураан-чакырыктарды айтышты. Алар колдоруна Конституцияны өзгөртүүгө каршы түрдүү транспаранттарды кармап жүрүштү.
Ушул эле активисттер өткөн жекшемби, 22-ноябрда да Бишкектеги темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка чейин жүрүш менен барышкан.
17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылып, демилгечилер 80 депутат экени айтылган жана алардын тизмеси жарыяланган.
Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Кээ бирлери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришүүдө.
Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонушууда.
Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон, президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына макул эмес.
Ал өз маектеринде «бул – диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деп билдирген.
20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуу жана коомдук ишмерлерден турган Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлгөн. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев анын иши 15-20 күнгө созуларын айткан.
Демилге парламентте кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн.
WWW
Автор orozalieva
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
-
22.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
-
24.11.2023 / Автор anarkan_kg ОШТО БЕЙБАШТЫККА ШЕКТЕЛИП ЖАТКАН БЛОГЕРДИН СОТУ БАШКА КҮНГӨ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ
-
-
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.