Аймак

ДИНИБИЗДЕ АЯЛДЫН ОРДУ

ДИНИБИЗДЕ АЯЛДЫН ОРДУ

 5,676 Бардыгы /

Суроо: Азыркы тапта “Жашоо – баарына бирдей, эркек да, аял да тең” деген сыяктуу сөздөр айтылып, аялдарга зулумдук кылынууда. Эң оор, эң төмөн жумуштарда деле аялдар иштеп жүрөт. Ислам дининде аял киши үйдүн ичинде жана сыртында жумуш жасап, акча табууга мажбурбу? Динибиздеги аялдардын укуктары кандай, ушул тууралуу маалымат бересизби?

Жооп: Исламга чейин аялдардын эч кандай кадыр-баркы жок болчу. Араптар кыз перзенттерин тирүү бойдон көмүшчү. Каабанын айланасында да аялдар жылаңач жүрө беришчү. Ислам дини келгенден баштап бул жаман адаттар жоюлду.

– Азыркы заманда дагы дүнүйөнүн көп жерлеринде аялдарга кордук көрсөтүлүүдө. Кечээ гана өткөн союздук доордо аялдарга зулумдук кылынды, мажбурлап колхоз, совхоздордо эркектер сыяктуу эң оор жумуштарда, эркек башчылардын кысымы астында арзыбаган акчага кыйнап иштетилди. Бирок, зулумдуктун арты узакка созулбайт. Белгилүү болгондой соңуна жетти.

Батыш элдери делген христиан өлкөлөрдө жана Ислам өлкөлөрү делген Азия элдеринде деле аялдар завод-фабрикаларда, соода-сатыкта эркектер сыяктуу жумушка тартылууда. Көбүнүн турмушка чыкканына өкүнүп жүргөндөрү, сот мекемелери ажырашуу арыздарына толуп жаткандыгы көрүлүүдө.

Бир жазуучу аял мындай дейт: “Көргөзмөлөргө барган сайын сандарын жалтыратып, соңку модель машинанын үстүндө отурган кыска этектүү юбка кийген тирүү маникендерди көргөнүмдө ичим ачышат, жүрөгүм сыздайт. Ошондой эле аялга таң каламын. Азбы-көппү өзүн сыйлаган бул аялдар ал жерде туруп машиналардын аксессуары сыяктуу өзүн соодага коюуга кантип чыдай алууда. Аялзатын мынчалык төмөндөткөн ушундай аялдар да, жана аларды ушуга отургузуп, кардарды алдап товарын сатууга аракет кылып жаткандар да мени ыза кылат.”

Аял өзүнө Ислам дини берген кадыр-баркты, жеңилдиктерди, эркиндикти билсе бүткүл жер бетиндеги аялдардын баары мусулман болушмак.

Мусулман аял – султан. Динибиз аялга өтө бийик кадыр-барк берген. Ал эми эркекке көп жоопкерчилик жүктөгөн. Исламда аял үй ичинде жана сыртында жумуш кылууга, акча табууга мажбур эмес. Турмушга чыккан болсо күйөөсү, чыкпаган болсо атасы, атасы жок болсо эң жакын эркек тууганы эмгектенип, анын муктаждыктарын камсыз кылууга мажбур. Жакын тууганы жок болсо же кедей болсо “Байтул мал”, б.а., мамлекеттик казына ар түрдүү керектөөлөрүн камсыз кылып берүүгө мажбур.

Исламда оокат кылуу жүгү эркек менен аял арасында бөлүштүрүлгөн эмес. Эч бир эркек аялын талаада, завод-фабрикада же кандайдыр бир жумушта иштөөгө мажбурлай албайт. Эгер аял өз кааласа жана күйөөсү дагы буга ыраазы болсо аял өзүнө ыңгайлуу болгон жумушта иштей алат. Бирок, иштеп тапканынын баары өзүнүкү болот.

Мусулман аял соода-сатык, илим, өнөр жай, дыйканчылык менен алектенүүгө мажбур болбосо да, булар менен алектенүүгө, акча табууга тыюу салынган эмес, харам да эмес. Бирок, булар менен алектенгенде жана илим үйрөнгөндө эркектерге аралашып кетпөөсү, аларга ачык көрүнбөөсү, харамдан узак болуусу керек. Аялдын кылган күнөөлөрүнүн жазасын ага ошол күнөөнү кылууга уруксат берген күйөөсү да тартат. Ал эми эркектин кылган күнөсүнүн аялга зыяны жок.

Мусулман аялдын үй иштерин кылуусу анын ихсаны (жакшылыгы) болуп саналат, өтө сооптуу болот. Кылбаса күнөө эмес. Эч ким мажбурлап кылдыра албайт. Расулуллах алейхиссаламдын доорунан ушул күнгө чейин мусулман аялдар бул ихсанын (жакшылыгын) орундап келишкен.

Ар бир аял – бир эркектин кызы, эже-карындашы, аялы же болбосо энеси. Аялдарга жаман, жаңылыш нерселерди ылайык көрбөш керек. Аларды татыктуу түрдө кадырлай билүү керек. (Р. Насихин)

Хадиси шарифте мындай делген:

 “Момун жаман мүнөздүү деп аялына ачууланбасын! Жакшы мүнөзү да болот.” (Муслим)

“Аял алсыз жаратылган. Алсыздыгын унчукпоо аркылуу жеңгиле! Үйдөгү кемчиликтерин көрбөөгө аракет кылгыла!” (Ибн Лал)

“Аялы менен жакшы мамиледе болуп, азилдешкен адамды Аллаху таала жакшы көрөт, ырыскысын көбөйтөт.” (Ибн Лал)

 “Мусулмандардын эң жакшысы, эң пайдалуусу –  аялына эң жакшы, эң пайдалуу болгону. Силердин араңарда аялына эң жакшы, эң кайрымдуу, эң пайдалуу болгону – менмин.” (Насаи)

“Аялына жылмайып караган эркектин амал дептерине бир кулду азат кылгандай сооп жазылат.” (Р. Насихин)

“Аялдарды тектүү жана кадырлуу адам гана кадырлай алат. Аларды жаман жана төмөн адам гана кор көрөт.” (И. Асакир)

“АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17