Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
721 Бардыгы / Орусиянын президенти Владимир Путин 2-декабрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) саммитинде Кыргызстандагы кырдаал турукташканына канааттануусун билдирди. Ал онлайн форматта өткөн жыйында Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кайрылып, «өлкөнүн туруктуулугу үчүн биргелешкен интеграциялык уюмдардагы позициясы маанилүү» деп белгиледи: «Биз Кыргызстандын ички саясий турмушуна тынчсыздануу менен көз салып турдук десем жалпылап айткан болом. Өлкөдө […]
722 Бардыгы / Орусиянын президенти Владимир Путин 2-декабрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) саммитинде Кыргызстандагы кырдаал турукташканына канааттануусун билдирди. Ал онлайн форматта өткөн жыйында Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кайрылып, «өлкөнүн туруктуулугу үчүн биргелешкен интеграциялык уюмдардагы позициясы маанилүү» деп белгиледи: «Биз Кыргызстандын ички саясий турмушуна тынчсыздануу менен көз салып турдук десем жалпылап айткан болом. Өлкөдө […]
ПУТИН: КЫРГЫЗСТАНДА КЫРДААЛ ТУРУКТАШКАНЫ КУБАНДЫРАТ
03.12.2020 / Автор orozalieva723 Бардыгы /
Орусиянын президенти Владимир Путин 2-декабрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) саммитинде Кыргызстандагы кырдаал турукташканына канааттануусун билдирди.
Ал онлайн форматта өткөн жыйында Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кайрылып, «өлкөнүн туруктуулугу үчүн биргелешкен интеграциялык уюмдардагы позициясы маанилүү» деп белгиледи:
«Биз Кыргызстандын ички саясий турмушуна тынчсыздануу менен көз салып турдук десем жалпылап айткан болом. Өлкөдө кырдаал турукташып жатканы канааттандырат. Бизге ошондой эле сиздердин эл аралык келишимдердеги милдеттенмелерди аткарышыңар да маанилүү. Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында да, ЖККУнун алкагында да позициясын өзгөртпөгөнү кубантат. Бул Кыргызстандын өзүнүн туруктуулугу үчүн да орчундуу».
Владимир Путин Орусия Кыргызстандын экономикасын, социалдык тармагын колдоого аларын билдирип, биргелешип аракеттенүү уланарын кошумчалады. Орус президенти бул үчүн өлкөнүн ички тынчтыгы зарыл экенин айтты. Ошондой эле президенттик жана парламенттик шайлоолор Конституциянын, шайлоо мыйзамдарынын чегинде, жогорку деңгээлде өтөрүнө кызыкчылыгы бар экенин айтып, ийгилик каалады.
Ага чейин сөз сүйлөгөн Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов бийлик 10-январга белгиленген президенттик шайлоону таза жана атаандаштык негизде өткөрүш үчүн бардык аракетин жумшай турганын айтып, шайлоо өлкөдөгү абалдын андан аркы тынчтыгы үчүн маанилүү экенин билдирген.
Ошону менен катар ал ЖККУ аймактык жана глобалдык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча реалдуу мүмкүнчүлүккө ээ экенин кошумчалап, мында Орусиянын өзгөчө ролун белгилеген.
ЖККУнун саммитине быйыл Орусия жетекчилик кылууда.
ЖККУнун мүчөлөрү – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.
WWW
Автор orozalieva
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
-
-
15.09.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА «АКЫЛМАН» ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИ АЧЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.