Аймак

АКШ ВИЧ-СПИД ЭПИДЕМИЯСЫ МЕНЕН КҮРӨШТӨ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨНӨКТӨШТҮГҮНҮН ОН ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕЙТ

АКШ ВИЧ-СПИД ЭПИДЕМИЯСЫ МЕНЕН КҮРӨШТӨ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨНӨКТӨШТҮГҮНҮН ОН ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕЙТ

 1,482 Бардыгы /

БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттары ВИЧ менен жашаган жана ага чалдыккан адамдарга колдоо көрсөтүү, ошондой эле СПИДден каза тапкандарды эскерүү максатында Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүн дагыле белгилеп жатат. АКШ Өкмөтүнүн Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган  «ВИЧ-СПИД эпидемиясын токтотуу: туруктуулук жана таасир»  ар тараптуу иш-чаралары АКШ Өкмөтүнүн ВИЧСПИД эпидемиясын глобалдык деңгээлде токтотууга, ошондой эле ден соолукка байланыштуу башка олуттуу көйгөйлөрдү дагы ыкчам чечүү максатында Жамааттардын жана Саламаттыкты сактоо Уюмдарынын дараметин жана туруктуулугун ар арттырууга далалаттанган күчтүү милдеттенмесин чагылдырат.

Баса, бул жылы АКШ Өкмөтүнүн ВИЧ-СПИД эпидемиясына каршы аракет көрүү жаатындагы Кыргыз Республикасы менен кызматташтыгынын онунчу жылы. Ушул мезгил аралыгында АКШ Президентинин СПИДден жапа чеккендерге жардам көрсөтүү  боюнча өзгөчө Планы (PEPFAR) Кыргыз Республикасына ВИЧ эпидемиясын көзөмөлдөө жана токтотуу максатында салмактуу салымын кошту. Бул ресурстар саламаттыкты сактоо кызматын көрсөтүүүнэ күчөтүп, ВИЧ-инфекциясын алдын алуу, андан коргонуу жана дарылоо боюнча жергиликтүү коомдук уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн арттырды. Акырынжда бул өнөктөштүк ВИЧ-инфекциясын алдын алуу жана ВИЧ-СПИДге чалдыккан адамдарга жардам көрсөтүү аркасында алардын өмүрүн сактап калат.

USAIDдин PEPFAR долбоору жамааттын деңгээлинде кызмат көрсөтүүгө инвестицияларды ичине камтыйт. Мунун ичинде ВИЧ-СПИДге каршы дары-дармектерди коомчулукка таркатуу жана өзүн-өзү текшерүүчү каражаттарды колдонуу өңдөнгөн инновациялык ыкмаларды сыноо, ошондой эле адамдар өзүлөрүнүн ВИЧ макамын коопсуз жана купуя менен аныктай алышат. Мындан тышкары жамааттар арасында терең тамырлаган коркутуп-опузалоого кабылгандарды коргоо жана ишенимге ээ болгон жергиликтүү бейөкмөт  уюмдардын кызмат көрсөтүүсүнүн ролун жогорулатууга багытталган иштер жана акырында өмүрдү сактап калуучу дары-дармектерди жакшы бөлүштүрүү үчүн фармацевтикалык жеткирүү тармагын чыңдоого багытталган аракеттер.

         Ал эми «PEPFAR» тарабынан даярдалган ар бир саламаттыкты сактоо адиси, биз курган лаборатория жана биз өнөктөш болгон жергиликтүү уюм ВИЧ менен гана эмес, учурдагы жана келечектеги ден соолук көйгөйлөрүнө дагы туруштук бере алат, – дейт Америка Кошмо Штаттарынын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун ВИЧСПИД Борбор Азия программасынын директору Патрик Надол.

CDC СПИДге жана наркологиялык борборлорго жана алардын лабораторияларына, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна ВИЧке каршы жардам жана дарылоо кызматтарынын, мунун ичинде лабораториялык кызматтардын, маңзатын сайган адамдар үчүн дары-дармектин жардамы менен ВИЧке байкоо жүргүзүүнүн  сапатын жогорулатуу үчүн техникалык жардам жана ишке ашыруу боюнча колдоо дагы көрсөтүп келатат. Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүндө АКШнын Уыргызстандагы Элчилиги бул алдыга коюлган максаттарды жүзөгө ашыруу жана эпидемиялык көзөмөлгө алуу багытында Кыргыз Республикасы менен авбдан тыгыз кызматташуу боюнча милдеттенмесин дагы жаңылайт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17