Аймак

ДОНАЛЬД ЛУ: «ПРЕЗИДЕНТИККЕ АТ САЛЫШЫП ЖАТКАН САДЫР ЖАПАРОВГО ТҮЗДӨН-ТҮЗ ТААСИР ЭТҮҮ МАКСАТЫНДА УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОП ДАЛАЙ АРКЕТ ЖАСАДЫ»

ДОНАЛЬД ЛУ: «ПРЕЗИДЕНТИККЕ АТ САЛЫШЫП ЖАТКАН САДЫР ЖАПАРОВГО ТҮЗДӨН-ТҮЗ ТААСИР ЭТҮҮ МАКСАТЫНДА УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОП ДАЛАЙ АРКЕТ ЖАСАДЫ»

 729 Бардыгы /

АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Дональд ЛУ Бишкек шаарында Эл аралык Интерньюс (InterNews) Уюмунун «Умтулуу» («Стремление») абройлуу сыйлыгын ээлерине тапшырып жатып, Уюшкан Кылмыштуулук Кыргыз жергесинде тээтигил Совет доорунан бери эле көмүскөдө гана жашап келаткандыгын шардана кылды. Бул жосунсуз жоруктарды жумурай журтка коркпостон ашкерелөөдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМКлардын) өкүлдөрүнүн мээнети абдан чоё экендигин дагы жашырган жок.

         – Дональд мырза, Сиздин баамыёызда, Кыргызстанда акыркы он сегиз ай аралыгында кайсыл окуя абдан чоё мааниге ээ болду деп эсептейсиз?

         – Албетте, Парламенттик шайлоо жаёжалы, Кыргыз элин тооруган таажы илдети, же болбосо ыёкылап эмес, «Раим миллион» атыккан Мамлекеттик Бажы кызматынын мурунку төрагасынын орун басары Раим Матраимовдун КЫЛМЫШТУУ ИМПЕРИЯСЫ жөнүндөгү журналисттик иликтөө тынч жаткан коомчулуктун бүйүрүн ого бетер кызытып, а түгүл төбө чачыбызды деле тик тургузбадыбы.

         – Эмне үчүн?

         – Уюшкан Кылмыштуулук Кыргызстанда тээ Советтер Союзунун мелгилинен бери эле ар дайым көмүскөдө гана жашап келген. Бирок, соёку мезгилде ыраса өөрчүп, өлкөдө ачык эле кулачын кеёири жайбадыбы. Буга таптакыр чыдабаган «Азаттык» үналгысы, KLOOP, DCCPP Медиа Уюмдары, www.Factchek.kg сайты, мындан тышкары дагы ондогон социалдык медиа түйүндөрдүн тайманбас журналисттери Уюшкан Кылмыштууулук жөнүндө коомдук ачык талкууну аябай күчөтүштү. Мындай ар тараптуу иликтөө Кыргыз Өкмөтүн акыры жооп кайтарууга дагы аргасыз кылды.

– Анткени?

– Кулатылган Кыргыз Бийлигинин тушунда журналисттер чекесинен сабалышты. Ачыктан-ачык коркутуп-үркүтүүгө дагы кабылышты. Кыргыз ЖМКларынын айрым өкүлдөрү түрмөгө дагы камалышты. А түгүл «Раим миллион» ЖМКларга ак жеринен жалаа жаап, кабарчыларды чекесинен соттотуп, мүлкүн камакка алдырганга дейре барбадыбы. Мындай мыйзамсыз аракеттерге, албетте, коомдук реакция – каршылык абдан эле катуу болду.

– Сизди бүгүнкү жаёы орногон Кыргыз Бийлигинин алгачкы аракеттери канаттандырабы?

– Менин бааамымда, Убактылуу Өкмөттүн – анын мурунку төрагасы, ушул тапта Президенттикке ат салышып жаткан Садыр Жапаровго түздөн-түз таасир этүү үчүн Уюшкан Кылмуштуу Топ далай ирет аракет жасады. Алар интернет-троллдорду, анан көчө ээнбаштарын куп эле пайдаланышты. Мындан тышкары Кыргыз жолбашчыларын күч менен дагы катуу опузалашты.

Кыргыз калкы жана Убактылуу Өкмөт мындай ээнбаштыкка дегеле көнгөн жок жана криминалдарга убагында гана татыктуу сокку урушту. 20-октябрда УКМК Мамлекеттик Бажы кызматынын мурунку төрагасынын орун басары Раим Матраимовду кармап, ал эми Крим Төбөл Камчы Көлбаевди дагы темир тор ичине киргизди. Бирок, сотто Раим Матраимов Кыргыз Өкмөтүнө казынага эки миллард сом төгөм деп убадалаганда, үй камагына бошотушту.

  • Дегеле мындай убадага ишенсе болобу?
  • Албетте, бул кадам – коррупцияга каршы күрөштүн

башталышы гана. Бирок, мындай аракет Кыргыз элин дагыле канаттандырбайт. Дегеним, «Раим миллиондун» кармалышы Голливуддун мафиясы жөнүндөгү киного гана куп окшоп кетти. Тилекке каршы, биз бул кинотасма кандайча аяктаарын боолголоп билбейбиз…

  • Деги Сиз бул Кыргыз киносу кандайча жыйынтыкталат

деп божомолджойсуз?

  • Кыргыз Өкмөтү кылмышкерлерди сөзсүз жоопкерчиликке

тартып, аларды катарынан мыйзам чегинде жазалайт. Ошентип, Кыргыз элинин ырыскысын – байлыгын мындан ары Уюшкан Кылмыштуу Топтордун талап-тоноосунан бекем коргойт. Бара-бара бул кылмышкерлерден Сиздин бала-чакаёыздын маёзат менен маё кылуусунан дагы сактап калат. Учурдан пайдаланып айтаарым, мындай чечкиндүү жана келечектүү кадамды КАЙРАТТУУ КИШИЛЕР гана жасай алышат.

  • Дональд мырза, ошентсе дагы мындан ары деги кантебиз?
  • Кантмек эелеёер? Көрүп-билдик го. Кыргызстан мекенчил

журналисттерден, жарандык активисттерден жана эр жүрөк жолбашчылардан кур эмес экен! Жаркын келечек үчүн Кыргызстан Эл аралык өнөктөштөрдүн, мунун ичинде АКШнын толук кандуу кубаттоосуна гана арзып олтурат. Мен мындан ары Сиздерге – жалпы кыргызстандыктарга бакубат жашоо,  туруктуу өнүгүү гана каалаймын!

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17