Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
835 Бардыгы / Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушов АКШнын бийлиги «Магнитский тизмесине» киргизген Райымбек Матраимов тууралуу «Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, аны калкалоо жок экенин билдирди: “Мурдагы аракеттери боюнча мамлекет тарабынан же көзөмөл органдары тарабынан эч кандай калкалоо жок, аны өзүңөр көрүп атасыңар. Мамлекеттик зыянды ордуна коюу, коррупцияга бөгөт коюу, кылмышты тез арада тергеп сотко өткөрүү, […]
836 Бардыгы / Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушов АКШнын бийлиги «Магнитский тизмесине» киргизген Райымбек Матраимов тууралуу «Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, аны калкалоо жок экенин билдирди: “Мурдагы аракеттери боюнча мамлекет тарабынан же көзөмөл органдары тарабынан эч кандай калкалоо жок, аны өзүңөр көрүп атасыңар. Мамлекеттик зыянды ордуна коюу, коррупцияга бөгөт коюу, кылмышты тез арада тергеп сотко өткөрүү, […]
БАШКЫ ПРОКУРОР: МАТРАИМОВДУ КАЛКАЛАГАН ЖОКПУЗ
11.12.2020 / Автор orozalieva837 Бардыгы /
Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушов АКШнын бийлиги «Магнитский тизмесине» киргизген Райымбек Матраимов тууралуу «Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, аны калкалоо жок экенин билдирди:
“Мурдагы аракеттери боюнча мамлекет тарабынан же көзөмөл органдары тарабынан эч кандай калкалоо жок, аны өзүңөр көрүп атасыңар. Мамлекеттик зыянды ордуна коюу, коррупцияга бөгөт коюу, кылмышты тез арада тергеп сотко өткөрүү, соттон жазасын алуу – биздин бир гана максатыбыз ушул.”
Башкы прокурор айыпталуучу Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташып, бюджетке акча төлөп жатканын белгиледи:
«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Райымбек Матраимов боюнча кылмыш иштери тергелип жатат. Мендеги маалымат боюнча 1 млрд. сомго жакын мамлекеттик зыян өндүрүлдү. Бир эле Матраимов эмес, өлкөдө ким кылмыш жасаса, экономикалык, коррупциялык, бардыгына бөгөт коюлушу керек.”
Мындай пикирин башкы прокурор координациялык кеңештин жыйынынан кийин билдирди.
20-октябрда УКМК Райымбек Матраимовду кармап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин уланып келатканын билдирген.
Ошол эле күнү сот Матраимовду 2 миллиард сомду мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирилип, тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.
8-декабрда Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, Матраимов мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төктү.
9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди.
Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта «Магнитский акты» деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта Матраимовго салынган санкция коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүндө АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офиси (OFAC) Африка жана Азиянын айрым мамлекеттериндеги жемкорлорду жана алардын байланыш чөйрөсүн көзөмөлгө алып жатканы белгиленген.
«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен финансылык активдери камакка коюлат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисине берилет. Мындан тышкары камакка коюлган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактардын үлүшү да камакка коюлат. Ал офистин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан операцияларына катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле «кара тизмеге» илинген адамдын кызматын көрүүгө же ага кызмат көрсөтүүгө, каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.
Автор orozalieva
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.