Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,057 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматына караштуу 2026-Аскер бөлүгүнө таандык «Ала Тоо» полигонунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМКлардын) өкүлдөрү балдары менен аскердик-спорттук атайын машыгууга абдан активдүү катышышты. Бул аркылуу чоң-кичине мекендештерибиз ар кандай кыйынчылыктарды чыдап көтөрүүнү жана жеңе дагы билүүнү куп гана үйрөнүштү. – Бул сапар журналисттерди балдары менен машыктырганыбыздын дагы олуттуу себеби […]
1,058 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматына караштуу 2026-Аскер бөлүгүнө таандык «Ала Тоо» полигонунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМКлардын) өкүлдөрү балдары менен аскердик-спорттук атайын машыгууга абдан активдүү катышышты. Бул аркылуу чоң-кичине мекендештерибиз ар кандай кыйынчылыктарды чыдап көтөрүүнү жана жеңе дагы билүүнү куп гана үйрөнүштү. – Бул сапар журналисттерди балдары менен машыктырганыбыздын дагы олуттуу себеби […]
ЖУРНАЛИСТТЕР БАЛДАРЫ МЕНЕН АСКЕРДИК-СПОРТТУК ЖАКТАН МАШЫГЫШТЫ
14.12.2020 / Автор orozalieva1,059 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматына караштуу 2026-Аскер бөлүгүнө таандык «Ала Тоо» полигонунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМКлардын) өкүлдөрү балдары менен аскердик-спорттук атайын машыгууга абдан активдүү катышышты. Бул аркылуу чоң-кичине мекендештерибиз ар кандай кыйынчылыктарды чыдап көтөрүүнү жана жеңе дагы билүүнү куп гана үйрөнүштү.
– Бул сапар журналисттерди балдары менен машыктырганыбыздын дагы олуттуу себеби бар. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын эң башкы өзгөчөлүгү: биз үй-бүлөлүк баалуулуктарга ушул тапта өтө чоң маани беребиз. Мунун маани-маңызын ЖМК өкүлдөрү дагы өздөрү сөзсүз көрүп-билишсин дедик. Жоопкерчиликти айттырбай сезүү, патриоттук-мекенчилдик дух, анан дагы жоокер тамагынын даамы бүгүнкү аскердик-спорттук машыгуунун мыкты сценарийине айланды, – деди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын расмий өкүлү, аталган мекеменин ЖМКлар жана коомчулук менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира БӨР/БАЕВА.
Адегенде 2026-Аскер бөлүгүнө таандык «Ала Тоо» полигонуна баш багышкан ЖМКлардын өкүлдөрүн жана алардын балдарын чек арачы офицерлер зор салтанат менен татыктуу тосуп алышты. Анан дароо эле аларга аскер чалгынчысынын кейпин дагы кийгизишти. Бул өңүттө өспүрүмдөр кыскартылган программаларды ийнине жеткире аткарышты. Бирок, алардын апалары дагы бардык эле кадимки сыноолорду баштарынан куп өткөрүштү. Акырында Кыргыз чек арачылары урунушкан мурунку жана азыркы заманбап курал-жарактардын түрлөрү конокторго көрсөтүлдү.
– Мени чек арачы иттер өлгүдөй кызыктырды. Алар аскердик турмуштун ысык-суугуна жоокерлердей эле жедеп көнүп бүтүшүптүр, – деп агынан гана жарылды окуучу Адилет ЖАНБОЛОТОВ.
– Аскер полигонунда, чынымды айтайынчы, турмуштагыдан ашыкча ролдорду аткарып ийдик. Биздин артисттигибизге өзүбүздүн гана балдар эмес, бейтааныштар деле абдан тан беришти, – деди журналист Минура АКМАТОВА. – Дегеле Чек арачылардын ролун бир күн аткарып, ыраса эле жыргадык. Мындай иш-чараларды башка кесиптегилер арасында дагы байма-бай өткөргөн оң.
– Бүгүнкү күндө ЖМКлар эң актуалдуу темаларды үстөккө-босток көтөрүп жатышпайбы. Мунун ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын оң жана терс жактарын деле тайманбастан ачык чагылдырып жатышат, – деди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдыкарим Алымбаев. – Канеткен күндө дагы Сиздердин ар бир материалыңыздар бизге демөөр байлатып, көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө гана шыктандырып турат.
Ошентип, аскердик-спорттук ищ-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдыкарим Алымбаев мелдештин активдүү катышуучуларына атайын сыйлыктарды тапшырды. Буга улай аталган иш-чаранын катышуучулары чогуу олтушуруп, аскердик тамак-аштан каалашынча даам сызышты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор orozalieva
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
21.10.2025 / Автор anarkan_kg КЫШКЫ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАЙЛЫ
-
03.12.2025 / Автор anarkan_kg СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
-
27.01.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫ РАЙОНУНДА ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.